Вторник, Июля 23, 2019

Бабашева Бурулсун: "Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы футурологиялык белгилер"

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы футурологиялык белгилер

Жаӊылар менен эскилердин кагылышы – маданият менен искусстводогу түбөлүктүү темалардын бири. Жаӊынын кабыл алынышы бир топ процесстерди басып өтөт. Ошол себептен Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кабыл алынышында бир топ карама-каршылыктуу сын-пикирлер пайда болгон. Анын акыркы чыгармалары ошол учурда ойго келбеген сюжеттерди камтыгандыктан, миф катары кабыл алынганы чындык. Бирок, ХХ кылымда дүйнөлүк бестселлерлердин авторлору болгон, фантаст-жазуучулардын үчилтигин түзүшкөн чех жазуучусу Карел Чапектин (1890-1938), америкалык жазуучулар Роберт Хайнлайндын (1907-1988) жана Артур Кларктын (1917-2008) чыгармалары да окурмандар арасында фантастика катары кабыл алынып, карама-каршы пикирлерди жаратканы менен, Карел Чапектин роботтор менен адамдардын кагылышы тууралуу чыгармасында биринчилерден болуп колдонгон «робот» сөзү ишке ашып, 8 жылдан кийин биринчи роботтор жасалганы, Роберт Хайнлайндын адамдын айга барып конорлугу тууралуу сюжеттери 19 жылдан кийин, Артур Кларктын геостационардык спутник ретрансляторлору 25 жылдан кийин иш жүзүнө ашып, турмуш чындыгына айлангандыгын эч ким тана албайт. Учурунда канчалык карама-каршылыктуу пикирлер жаралганы менен, булардын келечекти көрө билүүчү футуролог жазуучулар катары тарыхта издери калды.

Ооба, миф, легенда Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасынын өзөгү. Бул жанр аркылуу ал өткөн менен келечектин көпүрөсүн куруп, «уугум, сага айтам – уулум, сен ук, керегем, сага айтам – келиним, сен ук» деп жар салат. Бирок, ошо жаӊы менен эскинин кагылышы Айтматовдун чыгармаларында миф аркылуу да, легенда аркылуу да, жана жөн эле каармандардын образдары, сюжеттер аркылуу да көрөгөчтүк сапатты коштоп жүрүп отурат. Көрөгөчтүк же алдын ала көрө билүү - Айтматовго таандык өзгөчө сапаттардын бири. Адамзаттын тарыхында көрөгөчтүк сапатты алып жүргөндөрдүн саны арбын, бирок, жазуучулар саналуу гана. Ал гана эмес ХХ кылымдагы жана XXI кылымдын башындагы технологиялык өсүүлөрдүн бардыгы келечек тууралуу кыял чабыттарды тынбай айтып келген адамдардын аракетинен улам пайда болгон деп белгилешет. Мындай алдын ала көрө билүү сапаты кийинки жылдары футурология термини менен белгиленип келет.

Футурология терминин немец профессору Осип Флехтхайм 1943-жылы Олдос Хакслиге жазган катында биринчи жолу сунуштаган. Ал эми Хаксли аны кабыл алып, жайылткан катары таанымал. Ал латын тилиндеги Futurum — келечек жана грек тилиндеги Logos — окуу сөздөрүнөн алынып, келечекти болжолдоо дегенди туюнтат. Айтматовдун келечекти көрө билүүсү «Жамиля» повестинен старт алып, «Ак-Кеменин» өзөгү болуп, «Кылым карытар бир күндө» өөрчүй баштайт да, улам кийинки чыгармаларында күчөп жүрүп отурат. Бирок, анын футурологиялык кульминациясы, чеги катары «Кассандра тамгасын» эсептесек болот.

Адам баласы келечекти алдын ала билип алууга өмүр бою умтулуп келет. Ч.Айтматовдун бул умтулуусу, башкалардан айырмаланып, алдын ала сезе билүү же көрүү менен коштолот. Форсайт ыкмасын колдонуучу илимпоз окумуштуулардан айырмаланып, Айтматов өзүнүн жеке интуициясы, жүрөгү аркылуу көрүп, экзистенциалист жазуучу катары чыга алды. Алсак, Сабитжандын образы башка каармандарга салыштырмалуу көйрөӊ, күнүмдүк оокаттын чынжырынан чыга албаган каарман катары сүрөттөлгөнү менен, анын айылдаштарына «мезгили келгенде алиги аппараттарды башкаргандай кылып адамдарды да радио менен башкарат» деп саймедирегени XXI кылымда ишке ашып, учур чындыгына айланып, Айтматовду дүйнөлүк деӊгээлдеги футуролог-жазуучулардын катарына койду. Чыгарма техниканы алыстан башкаруу жүзөгө ашырылганы менен, адамды башкаруу ишке ашырыла элек 1980-жылдары жазылган. Жөнөкөй Сабитжандын тили менен жазуучу ааламда ири резонанс жаратуучу окуяны алдын ала айткан. Алсак, 2005-жылы япон окумуштуулары биринчилерден болуп адамды аралыктан башкаруучу аппаратты ойлоп табышкан. Гальваникалык вестибулятордук стимуляция (galvanic vestibular stimulation — GVS) деп аталган бул аппарат угуучу аппаратка окшоп, адам баласынын кулагына орнотулат да, алыстан башкарылат. Бул аппарат тууралуу америкадагы финансы-экономикалык Forbes («Форбс») журналы да кызыгып, «Дистанттык башкаруудагы адамдар» («Люди с дистанционным управлением») аталышындагы макаласын жарыялаган. Аталган аппарат адамдын кыймылын толугу менен башкарса, Россиядагы «Гармония» Жөндөмдөрдү өнүктүрүү Академиясынын башкы директору А.И.Балыкиндин билдирүүсү боюнча, «Табигый илимдердин Россиялык Академиясы» (РАЕН) коомдук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору П.П.Горяев адамдын жана жаныбарлардын ДНКсына аралыктан таасир этүүчү аспапты иштеп чыккан.

Информатика, виртуалистика, жасалма интеллект, биотехнология жалпы ааламды каптап алып, Hi-tec деген түшүнүк менен аӊ-сезимге кирип, доор адамдарынын технологиянын жаӊы көрүнүштөрүнө болгон таӊ калуу сезимин жоготуп да койду. XX кылымдагы адамдардын аӊ-сезими менен азыркы, эволюциянын негизинде табигый нерселердин бардыгын жоготуп, жасалмаларды чыгарып жаткан доордун адамдарынын аӊ-сезиминин ортосунда өтө чоӊ айырмачылык пайда болду. Анын негизинде, көӊүл коштук орун алып, сезүү сыяктуу сапаттар жоголуп бара жатат. Адамгерчиликти, мурастарды, үрп-адатты сактап калуу сезими роботко айланып бара жаткан калктын аӊ-сезиминен сырткары болуп, ааламдашуу доорунун агымына эч карама-каршылыксыз кирип бара жаткан адамзаттын тагдырына, келечегине кабатырлануу дал ушул «Кылым карытаар бир күн» романынан башталат. Андагы Эне-Бейит менен байланышкан легенда-сюжет дагы жазуучунун өзгөчө көрөгөчтүк сапатын алдыга алып чыгат. Эне-Бейитте манкурт уулунун колунан каза тапкан Найман-Эненин сөөгү жаткан болсо, Ата-Бейитте XX кылымдын башындагы манкурттардын колунан каза тапкан аталарыбыздын сөөгү жатат. Ааламдын өзү ак менен карадан, жакшы менен жамандан турат. Бардыгынын түгөйү бар. Ошол сыяктуу Эне-Бейиттин кийин түгөйү Ата-Бейиттин жаралышы да өзүнчө феномен. Албетте, бул аталыш Ч.Айтматовдун өзүнөн чыккан демилге болгону менен, аталыштардагы параллель жазуучунун көрө билүүсү, аталышка даярдануусу деп айтсак болот.

80-жылы жазылган бул чыгарма адам баласы үчүн келе жаткан эӊ коркунучтуу доордун алдын алуу, ага каршы туруу чакырыгы. 1920-жылы Карел Чапектин сюжети роботтордун адам баласына каршы чыгуусун чагылдырган болсо, Айтматов аталган чыгармасында адамдын руханий дүйнөсүнүн жардыланышын, анын негизинде манкурттардын пайда болушун көрөгөчтүк менен айта алган.

Чыгарманын өзөгүндө Эне-Бейит тууралуу легендага байланыштуу «манкурт» термини жаралып, XXI кылымда жалпы колдонууга жетишкенин көрүүгө болот. Жазуучу сүрөттөгөн манкурттун табияты отуз жылдан кийин көпчүлүктүн табиятына айланып бара жатышы, экинчи тараптын физикалык таасиринен эмес, өзүнүн гана акыл-эсинен, түшүнүгүнөн манкуртка айланып кетиши – азыркы доордун эӊ талылуу көйгөйлөрүнүн бири болуп калды. Айтматов боюнча, манкурт – эс-акылынан ажыраган бир сөлөкөт, өзүн-өзү таануудан калган жан… Анын бар болгон ою – кара курсак. Айтматовдун чыгармасындагы манкурт менен азыркы доордун манкуртунун айырмасы болгону менен, экөөнү параллел алып кароого болот. Акыркы жылдары кара курсак бардыгынан артык болуп, ата-эне, үй-бүлөсүн, балдарын таштап кеткендердин саны өсүүдө. Учурда Кыргызстанда карылардын стационардык алты үйүндө 800гө жакын ата-апалар жашап келет, ал эми балдар үйүндө, балдар-интернатында жашаган балдардын саны 8500гө жетсе, алардын ичинен 550дөйү тоголок жетимдер. Демек, көпчүлүк балдардын тирүү ата-энелери болуп туруп, социалдык жетимге айланууда. Кыргыздын менталитетине туура келбеген процесстер кадимки көрүнүшкө айланып, эӊ жакын адамдарын, канынан жаралган адамдарын «чоочун» катары ара жолдо калтыруу кадимки көрүнүшкө айланды. Бул нак манкурттук…

Жазуучу Казангапты жерге берүү процесси, анын уулу Сабитжандын образы аркылуу, Эне-Бейит легендасы аркылуу улуттук аӊ-сезимдин деградацияланып бара жатканын алдын ала билдирген. Ал эми «Кассандра тамгасында» морал, этика, үй-бүлө, достук жана башка сапаттардын, таза тукум улоонун кыйроого учурап, адам баласы жандуу образынан ажырап, кыска ой жүгүртүүгө багыт алып, талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп бара жатканын алдын ала билгичтик менен сүрөттөйт. Аны менен, биз коркуп жаткан «акыр заман» жаратылыштын кыяматынан эмес, адам баласынын бири-бирине жасаган кыяматтан улам пайда болорун эскертет. Филофейдин космостон жүргүзгөн эксперименти, жердегилерге жазган каты - жазуучунун өзүнүн келечекти туюп-сезгендиги. Бул тууралуу адабиятчы К.Ибраимов да белгилеп кетет: Бул чыгарма чындыгында да – жазуучунун жан дүйнөсүнөн атылып чыккан жалындуу жанар жана анын адамзатка эскертип айтайын деген ачуу чындыктарынын чыркыраган чыңырыгы сыяктуу.

Филофейдин Космостон туруп, Кассандра түйүлдүгүн, Кассандра белгисин табышы –Жер шарынын ар бир адамы космос аркылуу көзөмөлдө болорлугунан кабар берет. АGPS (ЖПС) навигатору менен, интернет аркылуу жана башка каражаттар аркылуу ар бир инсандын жүргөн жери, кыймылдарын көрүүгө же көзөмөлгө алууга болот. Мындай аппарат алгачкы жолу спутник үчүн 1974-жылы колдонула баштаган болсо, жарандарга пайдалануу 2000-жылы ишке ашырылган.

Айтматовдун чыгармаларындагы мындай футурологиялык белгилерди камтыган сюжеттери өтө көп. Алар келечекте чоӊ изилдөөнүн объектиси болот деген ишеним бар.

Өзгөчө инстинкти, өзгөчө сезимталдыгы жана өзгөчө таланты менен ааламга аты кеткен Айтматов агабыздан ар бир чыгармасынан турмуш чындыгына, келечекке кабатырлануусун көрүп, жазылбай кеткен ойлорун, пикирлерин табышмактай бермекпиз.

* * *

Бабашева Бурулсун Ишенбековна –

кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын улук окутуучусу