Вторник, Сентября 17, 2019

Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту

2018-жылдын 21-ноябрь күнү юридикалык факультеттин мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын 1-курсунда окуган 25 студент Ак үйгө экскурсияга барышты. ЖК депутаты Айнура Алтыбаева КУУнун студенттери менен 1 саатча баарлашып, мамлекеттеги көйгөйлөр, келечек реформалар, өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылып, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Андан кийин студенттер Жогорку Кеңештин кезектеги отурумуна күбө болушуп, парламенттик китепканада жана окуу залында болушту.

 DSC3983

 DSC3990

 DSC4009

 DSC4056

 DSC4078

 DSC4094

 DSC4100

 DSC4102

 DSC4110

 DSC4207

Келдибеков Алишер - т.и.к., доценттин м.а.