Суббота, Сентября 21, 2019
kg_m RU

КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

М.Шеримкулов Тил мыйзамынын кабыл алынышы тууралуу айтып берди

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУда "Педагогикалык ой ордо" болуп өттү

00

2018-жылдын 20-июнунда педагогика факультетинде «Аааламдашуу шартында илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо» аттуу «Педагогикалык ой ордо» болуп өттү. КУУнун педагогика факультети, социалдык жана гуманитардык илимдер факультети, о.э. «Кыргызстан педагогдор коому» тарабынан уюштурулган иш чарага Кыргызстандын белгилүү педагог-окумуштуулары катышты.

Жыйынды «Кыргызстан педагогдор коомунун» төрагасы, профессор Эсенбек Мамбетакунов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жогорку атестациялык комиссиясынын төрайымы, профессор Б.К.Тыналиева «Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун азыркы учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги», ал эми "Жогорку мектептин педагогикасы" кафедрасынын башчысы, профессор Н.А.Асипова «Илимий кадрларды даярдоодогу чет элдик тажрыйбалар» деген темаларда илимий баяндамаларды жасашты.

Андан кийин билим берүүнүн көп деңгээлдүү системасы үчүн жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоонун жана илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн деңгээли, магистратура менен аспирантуранын, о.э. диссертациялык кеңештердин ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланып төмөндөгү резолюция кабыл алынды:

1. Республикада жогорку билим берүүнүн көп деңгээлдүү системанын максаттары менен милдеттерин жүзөгө ашырууда жана өркүндөтүү максатында:

  • жождордун көп деңгээлдүү педагогикалык билим берүү системасындагы эффективдүү алдыңкы тажрыйбалар жалпыланып таркалсын;
  • жогорку педагогикалык билим берүүдөгү көп деңгээлдүү системанын мамлекеттик стандарттарын аспирантура жана докторантура баскычтарын жетилтүүгө сунуш пикирлер тиешелүү даректерге жөнөтүлсүн;
  • жождордун профессордук-окутуучулар курамына, аспиранттарга, докторанттарга жана студенттерге көп деңгээлдүү системада окуу, илимий, методикалык иштердин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү жана негизги багыттарын ишке ашыруу боюча семинар, тренинг, кереге отурумдар, конференцияларды өткөрүүгө басымдуу көңүл бурулсун.

2. Педагогикалык билим берүүнүн көп деңгээлдүү системасындагы окуу-усулдук иштер, инновациялык технологиялары жана таалим-тарбия багыты боюнча:

  • кесиптик жөндөмдөрдү калыптандыруунун негизин түзгөн - компетенциялардын тизмектери ар бир адистиктин дисциплиналарында конкреттештирилип аныкталсын;
  • көп деңгээлдүү системанын ар бир басыкычында (бакалавр, магистр, аспирантура, докторантура) жүзөгө ашырууга шайкеш келген окутуунун инновациялык технологияларын өркүндөтүү жагы колго алынсын;
  • көп деңгээлдүү билим берүү системасынын окуу пландарындагы квалификациялык алдын ала жана илимий-изилдөө практикаларына өзгөчө көңүл бурулсун.

3. Жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо системасындагы уюштуруу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечмелөө багытында:

  • көп деңгээлдүү педагогикалык билим берүү системасындагы аспирантура жана докторантура баскычтарынын орду, мааниси, функциялары менен уюштуруу принциптери такталсын;
  • жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо өнүккөн өлкөлөрдүн прогрессивдүү тажрыйбасын эске алуу менен эффективдүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүү ар дайым көзөмөлдө болсун;
  • көп деңгээлдүү системанын жогорку баскычтарындагы аспирантура жана докторантуранын укуктуу нормативдик базасы түзүлүп өркүндөтүлсүн;
  • көп баскычтуу системанын шарттарында прфессордук-окутуучалар курамына даражасы менен наамына ылайык дифференцирленген эмгек акыны төлөөнүн жана стимулдаштыруунун жаңы системасын иштеп чыгуу жагы өзгөчө белгиленсин.

Белгилей кетсек, «Педагогикалык ой ордо» Кыргызстан педагогдор коому тарабынан уюштурулуп, үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Буга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн.

01

02

03

Адилет Самсалиев – педагогикалык факультеттин окутуучусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 361 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер