Среда, Февраля 26, 2020
kg_m RU

Кытай элчиси таажывирус тууралуу соңку маалыматтарды айтып берди

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУда профессор Насипбек Бакировдун элесине арналган ЭАИПК болуп өттү

00

2018-жылдын 28-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында профессор Н.Б.Бакировдун элесине арналган «География илиминин Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүндөгү орду» аттуу эл-аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

Жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Жогорку Кеңеш депутаты Аида Исмаилова, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогузаков, Кыргыз география коомунун президенти Саламат Аламанов, коомдук ишмерлер жана профессордун жердештери менен туугандары катышты.

Иш чараны география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова ачып, окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев куттуктоо сөзүн айтты.

Профессор Насипбек Бакирович Бакиров тууралуу видео-фильм көрсөтүлгөн соң, ЖК депутаты Аида Исмаилова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, КУУнун мурдагы ректору Искендер Исамидинов, Кыргыз география коомунун президенти Саламат Аламанов, УИАнын академиги Турар Койчуев, УИАнын вице-президенти Осмон Тогузаков, коомдук ишмер Амангелди Муралиев, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаев, КУУнун профессору Эсенбек Мамбетакунов ж.б. сөз сүйлөштү. 

Тыныгуудан кийин эл-аралык илимий-практикалык конференциянын иши секцияларда улантылды.

press knu 2018 000

Бакиров Насипбек Бакирович

география илимдеринин кандидаты, профессор.

1958-жылы КМУнун география факультетин аяктаган.

1960-1963 жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында аспирантурада окуган. Университетте өзүнүн эмгек жолун 1967-жылы баштаган, ага чейин 1958-1967 жыл аралыгында география мугалими, андан кийин Сүлүктү шаарында жана Чоң-Арыкта №3 мектепте завуч болуп эмгектенген. 21-февраль, 1973-жылы Н. Б. Бакировго география илиминин кандидаты деген наам берилген, 1984-жылы доцент болуп шайланган, ал эми 1993- жылы экономикалык жана социалдык география кафедрасынын профессору болгон.

Профессор Н. Б. Бакировдун педагогикалык ишмердиги 44 жылды түзөт. Анын ичинен 36 жылын КУУга арнаган. Жогорку мектептин педагогикалык ишинин бардык этаптарын өткөн - окутуучу, ага окутуучу, доцент, Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономикалык жана социалдык география кафедрасынын профессору болуп эмгектенген. Айтылган профиль республикада жалгыз болгон, 23 жыл кафедранын башчысы болуп иштеген. Профессор Бакиров Н. Б. риторика жөңдөмүн жакшы билген, ошондуктан "КМУнун Мыкты лектору" деген ардак наам берилген.

Профессор Бакиров университетте иштеген убагында дүйнөнүн жана Кыргыз Республикасынын экономикалык географиясы, географияны окутуунун методикасы, саясий география жана геосаясат, жаратылыш ресурстарына экономикалык баа берүү, транспорт географиясы, Кытай жана Россиянын экономикалык географиясы, экономикалык-географиялык изилдөөнүн методикасы деген негизги жана атайын курстарды окутан. Мындан тышкары квалификацияны жогорулатуу курсу боюнча угуучуларга лекцияларды окуган.

Аудитордук сабактан сырткары окуу-методикалык ипггерин аткарган, студенттердин жана магистранттардын курстук, дипломдук иштеринин жетекчиси болгон. Мындан тышкары аспиранттардын илимий жетекчиси жана изилдөөчүлөрдүн илимий консультанты болгон.

Н.Б.Бакировдун 200дон ашык илимий жана илимий-методикалык иштери жарык көргөн, анын ичинен 4 монография, республиканын жаппы билим берүү мектептерине география боюнча 4 китеп, 20дан ашуун окуу-методикалык усулдарды, 40тан ашык география боюнча илимий макалары Кыргызстандын энциклопедиясында жарыяланган, мьшдан сырткары коп-колом гезит жана журналдарда чыккан илимий жана методикалык эмгектердин автору.

Жогорку жана орто окуу жайлардагы географияны окутуу көйгөйлөрү боюнча Насипбек Бакирович 5 эл аралык жана 17 республикалык конференцияларга жана Г еография коомунун съезддерине катышып билдирүү жасаган.

Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик университетинин география жана экология факультетинин Илимий Кеңешинин мүчөсү, «География» адистиги боюнча диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген Кеңештин мүчөсү, Кыргыз география Коомунун ревизиондук комиссиясынын торагасы, «Эл агартуу» журналынын редколлегия мүчөсү, Кыргыз энциклопедиясынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, мектеп окуучулар арасында республикалык олимпиаданын калыстар тобунун төрагасы жана башка коомдук иштерди жүргүзүп келген.

Географиялык илим-билимди өнүктүрүүдө жана көп жьшдык талыкпастан кадрларды даярдоодо Насипбек Бакирович сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, “СССРдин жогорку окуу жайынын отличниги”, “Эмгек ветераны” медалына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасына (2000 ж.), Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак Грамотасына (2001 ж.), Телеберүү жана радио комитетинин Ардак Грамотасына татыктуу болгон.

Өзү төрөлгөн Москва районундагы Темен-Суу айылындагы орто мектеп белгилүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Бакиров Насипбек Бакировичтин ысымын алып жүрөт

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 655 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

     
  • Aizirek 17.01.2020 23:10
    Саламатсызбы мен немецкийде 2-курста окуйм. 2019 жылы март айында академический отпуск алгам. Азыр ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер