Пятница, Ноября 22, 2019

Студенттик турмуш

Ж.Баласагын атындагы биология факультетинин студенттери кызыктуу студенттик күндөрдү өткөрүп жашашат. Факультеттин студенттери үчүн кесиптик өсүүсү, коомдук иштерде өзүн көрсөтүүсү, чыгармачылыкта жана спортто, инсандык сапатынын деңгээлин жогорулатууда бардык шарттар түзүлгөн.

Photo005 Stud-01

Студенттер Германиядан келген педагог Марта Щтирнер (ортодо)жана окуутуучулар менен зоология сабагында

Факультетте студенттерге окуу учурунда жана сабактан кийинки учурда өздөрүн факультеттин толук кандуу мүчөсү катары сезүүсүнө мүмкүндүк берген күчтүү студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму бар. Студенттер көптөгөн коомдук, илимий, чыгармачылык жана спорттук иш-чараларга катышышат, студенттик майрамдарды (Нооруз, Жаны Жыл, Студенттердин күнү, Экологиялык майрамдарды), мазмундуу форумдарды жана конференцияларды, мелдештерди жана сынактарды өткөрүшөт.

Photo006 Stud-02

Студенттердин окуу-талаа практикасы

Студенттер улуттук жана Эл аралык иш-чараларга активдүү катышып, жергиликтүү жана Эл аралык уюмдарга волонтерлук жардам көрсөтүшөт: “Биом” Экологиялык Кыймылы (1998-ж), Илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын Секретериаты (2016-2017-жж); заманбап лабораторияларда тажрыйба топтошот, окуу – талаа практикаларына жана илимий экспедицияларга чыгышат.

Photo007 Stud-03

Факультеттин окутуучулары жана студенттери университеттин 80-жылдык мааракесин белгилөөдө

Photo008 Stud-04

Факультеттин жаш окутуучулары , студенттери жана магистранттарынын катышуусу менен Жаны Жылды майрамдоо

Photo009 Stud-05

Факультеттин студенттери жана окутуучулары экологиялык оюндарды иштеп чыккан Марат Сабиров (Россия, Санкт-Петербург) менен бирге билим берүү фестивалынын алкагында интерактивдүү экологиялык оюнду апрабациялоого катышууда