Четверг, Августа 22, 2019

Б.Бабашева: "Кыргызстанда коррупция – системага салынган коркунуч!"

Бабашева Бурулсун Ишенбековна

Кыргыз филологиясы факультетинин "Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде" кафедрасынын ага окутуучусу

Кыргызстанда коррупция – системага салынган коркунуч!

Кыргыз мамлекети учурда_эки миң жылдык тарыхынын ичиндеги эң оор мезгилди башынан өткөрүп турган чагы. Акыркы 20 жыл аралыгында мамлекет коррупциянын түпкүрүнө түшүп, бул көрүнүштүн турмуштун кадимки аракети катары ишке ашып калган учуру._Изилдөөлөр боюнча, Кыргызстан 2009-жылы_КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң кедей мамлекет деп таанылган. Мындай жакырчылыкка кептелүүдөгү эң негизги себеп – мамлекеттин коррупцияга малынышы саналат.

Коррупция_- бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун[1] - деп жазылат Кыргыз Республикасынын Коррупция жөнүндө мыйзамынын 1-беренесинде.

Бирок, бир да мамлекетте коррупция тууралуу так аныктама иштелип чыккан эмес. Бул_социалдык кубулуштун өзүнүн татаалдыгы менен да, жана ал каралып жаткан позициянын_айырмачылыгы (саясий, экономикалык, укуктук, моралдык, этикалык, тиричиликт ин ж.б.) менен да байланышкан[2].

Ал эми кыргыздарда бул «паракорчулук» деген түшүнүктүн алкагында калыптанып калган. Бирок, аталган түшүнүктү бул алкактан чыгарып,_кеңири өңүттөн алып кароо зарыл.

Коррупция кыргыз коомчулугунда качан пайда болгон деген мыйзамченемдүү суроо туулат. Тарых беттерине көз жүгүртүп көрсөк, аталган иш аракет адамдардын социалдык абалынан улам келип чыккандыгын көрүүгө болот. Журт башчыларына жагынуу максатында баалуу жаныбарлардын терисин, алтын- күмүштөрдү, мал-жандыктарды, ал гана эмес, кыз-келиндерди белекке тартуулоонун өзү коррупциянын башатын ачууга жол берген. Демек, коррупция кошоматтын негизинде пайда болгон деп айтууга болот. Кийин мындай тартуулоо мамилелери_мамлекеттер аралык деңгээлге өтүп кеткендигин XVIII кылымдагы эле жалпыга белгилүү мисалдан алсак: 1784-жылы сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Сибирдин чек арасына, ал жерде жашаган орустарга келишкен. Алар Атаке бийдин атынан үч илбирстин жана беш сүлөөсүндүн терисинен турган белегин император Екатерина IIге беришкен. Император сарыбагыш уруусунун өкүлдөрүн жакшы кабыл алып, алардын өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасаган. Элчилер кайра жөнөөрдө ал 800 рубль күмүш акчаны Атаке бийге белек иретинде жиберген[3].

Демек, коррупция мамлекеттер аралык мамилени жөндөөдө жигердүү пайдаланылып калган соң, өлкө ичиндеги бул процессти жоюу өтө татаалга тураары айдан ачык.

Мамлекетте коррупциянын маңызы жана көрүнүштөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрында кабыл алган «Бийлик органдарында саясий жана системалык коррупциянын себептерин жок кылуу иш-чаралары жөнүндөгү» № 215-Указында саясий жана системалык коррупциянын коооптондуруучу_формалары так аныкталган. Бирок, бул саясий коррупция_калыптанып калган_коррупциялык тартипти кулатуудагы негизги тоскоолдук экендигин чет өлкөлүк изилдөөчүлөр баса белгилеп келишет. Алар протекционизм, лоббизм, фаворитизм жана_непотизм сыяктуу көрүнүштөр өлкөдө коррупциянын өнүгүшүнө зор өбөлгө болорлугун баса белгилеп кетишет[2].

Фаворит – жогорку кызматта иштеген жактын камкордугу менен пайда жана жеңилдиктерди алуучу сүйүктүү адамы[4].

Фаворитизм – фавориттерди-_жакшы көргөн адамдарын – камкордукка алып, кызмат үчүн зарыл болгон жөндөмгө, билимге ээ болбогондугуна карабай, жогорку кызматтарга дайындоо[2].

Республикада коррупцияны күчөтүүчү дал ушул өбөлгө өтө зор кулач жайган. Мындай жол фавориттерин жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындоо гана эмес, жогорку окуу жайларында сырттан окуп билим алган, ага чейин билим берүүдө тажрыйбасы болбогон_инсандарды да жогорку окуу жайларына окутуучулук кызматка отургузуу менен да байланышкан. Анын негизинде келечек кесип ээлеринин сапатсыз билим алуусуна жол ачылып берилет. Экинчиден, Кыргыз Республикасында орчундуу кызматтарга адистиги туура келбеген инсандарды дайындоо да дал ушул фаворотизмдин кесепети болуп саналат. Мисалга Ысык-Көл облусундагы «N» шаарынын мэринин мурдагы мэрине карата мамилеси. Бул эки_адамдын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн интернет булактарында жарыяланып кетишинен улам, учурдагы мэр мурдагы мэрди уяттуу сөздөр менен сөгүп жаткандыгын, анын негизинде мурдагы мэр тиешелүү жактарга доо арыз менен кайрылып, бирок эч кандай жооп албагандыгы жарыяланган[5]. Эл алдына чейин жарыяланып кеткен бул чатактын катышуучусунун жоопко тартылбагандыгы фавориттик мамиледен кабар берет.

Непотизм_- туугандарын, жакындарын кызматтык жактан камкордукка алуу, тууганчылык[2]. Кыргыздарда бул көрүнүш «тууганчылык» деп аталат._Италия тилиндеги «жээн» деген сөзүнөн келип чыккан «непотизм», кыргыздарда «тууганчылык» деген аталышка эквивалент болот._Кайра жаралуу доорунда Рим Папасы бийлигин чыңдоо максатында жакын жээндерин церковдогу жогорку кызматка коё баштаган. Кийинчерээк жогорку кызматтарга алардын балдары, дагы башка туугандары дайындала баштайт.

Кыргызстанда бул көрүнүш 2005-2010-жылдары өз апогейине жеткен. Бул боюнча да 2009-жылдын 2-декабрында «Бакиев продолжает политику непотизма, который был причиной краха Акаева» аталышындагы ири макала «Азаттыкта» жарык көргөн. Анда Кыргызстандын инерттик экономикасын көзөмөлдөй турган, жаңы түзүлгөн «Өнүгүүнүн, инвестициялардын жана инновациянын Борбордук Агенттигине» жетекчиликке дайындалган Максим Бакиев тууралуу сөз болгон.

Албетте, кыргыздын айрым адамдарынын мүнөзүндө басымдуулук болгон кошоматчылык да дал ушул коррупциянын өнүгүүсүнө шарт түзүп берип турат. Максим Бакиев аталган кызматка дайындалган учурда каршылаштары анын адискөй эместиги тууралуу айтып чыгышкан болсо, айрымдары анын бул кызматка дайындалышын эң туура деп чыгышкан[6].

Мындан сырткары, Жаныбек Бакиев -_Президентти коргоонун жетекчиси,_Марат Бакиев – Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Адыл Бакиев – Кытайдагы кыргыз элчисинин шатттык кеңешчиси кызматтарын ээлеген. Эске салсак, 2009-жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң кедей мамлекет катары таанылган.

Дал ушул неополитизмдин негизинде трайбализм да келип чыгат. Жыйынтыгында тууган-урук бийликти бирдей жүргүзүп, өз каалагандарын ишке ашырууга мүмкүндүк болот да, кызмат орундары «сатылып» коррупция күч ала баштайт. Бул тууралуу швед саясатчысы, доктор Йохан Энгвалль мындай дейт: «Кыргызстанды бардык мамлекеттик кызматтар сатылуучу_жана сатылып алынуучу базар катары элестетүүгө болот. Мында жогорку кызматтарды талапка ылайык адистиги жана тажрыйбасы болбогон адамдар ээлеп калат. Ал гана эмес,_кызмат ордунан пайдаланып,_мыйзамга каршы аракеттерин ишке ашыра турган кылмышкерлердин_мамлекеттик маанилүү кызматтарга алынышы эң коркунучтуу көрүнүш болуп калды. Мындай фактылар укук коргоо органдарында жана сот бийлигинде да кездешет»[7].

Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшүнө шарт түзгөн дал ушул тууганчылык_байыртан өтө бекемделип, түптөлүп калгандыгын тарых өзү тастыктап келет. Изилдөөчү_А.Б.Болпонова «ХХ кылымдын 20-30-жылдарындагы партия ичиндеги топтук күрөш трайбализмдин пайда болушу катары» деген макаласында тууганчылыктын негизинде келип чыккан «өзүм билемдикти» сүрөттөп берген: Кеңештерге шайлоодо жергиликтүү кызматчылар туугандык мамилени пайдалануу аркылуу алдыңкы орунга чыгышкан. Анын негизинде, кызматтык орундан көтөрүлүп, материалдык байлыгын жакшыртып, туугандарынын арасында макамы жогору болгон. Бул кыргыздардын байыртан мал-жан үчүн, жайыт жер үчүн биргеликте душмандарга каршы турушунун калыптанып калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Туугандардын арасынан чыккан кадырлуулар_жеке жана уруусунун кызыкчылыгы үчүн жаңы тартиптерди киргизүү максатында партиянын катарына кирүүгө умтулушкан[8]. Мындай тууганчыл менен байланышкан коррупциялык схемаларды учурда шайлоо өнөктүктөрүнөн көрүүгө болот.

Протекционизм – мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш алып барган системасынын ичинде_корпоративдик максаттарды ишке ашыруу үчүн_кызматкерлердин (атка минерлердин) бирдиктүү тобун («өз командасын» түзүү[2].

Бул көрүнүш_учурда Кыргызстандын бардык тармагын курчап алгандыгын бала бакчадан баштап, Өкмөттүк деңгээлдеги кызматтардан көрүүгө болот. Бул учурда кыргыздарда айтылган «кыргызча сүйлөшүү» ишке ашат.

Баланы бала бакчага, мектепке орноштуруу үчүн тиешелүү мекемеге же тиешелүү жакка «акча-пара» берүүгө туура келет. Эң кызыгы, сүйлөшүүгө катардагы жумушчу чыккандыгы – ал мекемеде жетекчинин айланасында топтолгон «өз команда» бар экендигинен маалымат берет._Эң коркунучтуусу – мындай аракеттер балдарга угулуп, кичинесинен паракорчулукка, «өз» жана «жат» деген бөлүнүүгө үйрөнүүсүндө турат.

Жогорку кеңештин, шаардык кеңештин тутумундагы көпчүлүк коалициясы да дал ушул протекционизмдин үлгүсүн көрсөтүп турарлыгын турмуш өзү далилдеп келет. Демек, республикада шайлоонун партиялык системасы өлкөдө коррупциянын өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизип келет деп айта алабыз.

Лоббизм – кайсы бир топтун же жеке жактын_белгилүү бир мыйзам долбоорун же башка ченем актыны кабыл алдырууга же андан баш тарттырууга жетишүү максатында_парламентарийлерге_мыйзамсыз кысым көрсөтүү[2].

Кыргызстанда лоббизм мамлекеттин эгемендик алган алгачкы күнүнөн азыркы күнгө чейин эң коркунучтуу аракет болуп саналат. Жана анын негизинде өлкөбүздүн жаратылыш байлактарына зыян келтирилип, жерибиз табияттын катастрофасына кабылып,_мамлекет «жардылыктын түбүнө түшүп калу» коркунучунда турат. Бул боюнча «Кумтөр», «Жер-Үй» кен иштетүүчү жайлар, Каркыра, Үзөңгү-Кууш боюнча чыккан Указдар мисал боло алат. «Кыргызстан парламентинде жашыруун_лоббизм жана коррупция (казино, «Кумтөр», бензиндин контрабандасы, «Манас» аэропорту, паспорттордун даярдалышы ж.б.) гүлдөп барат. Ага айрым депутаттар жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышып, лоббилдөө ачык жүргүзүлүүсү уланып келүүдө – деп белгиленген_«Жарандар коррупцияга каршы» аталышындагы Укук коргоо борборунун отчетундагы «V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жалпы мүнөздөмөсү» бөлүмүндө. Демек, протекционизм жолу менен бириккен депутаттар, кызмат адамдары лоббилдөө процессин өзүлөрү каалагандай жүргүзүп, өлкөнү коррупциянын сазына матырып бара жаткандыгын турмуш өзү далилдеп келе жатат.

Бирок, коррупция жеке жогорку кызматтагылардын ортосунда гана жүрбөстөн, жөнөкөй жарандардын ортосунда да жүрүп, «чоң» коррупцияга жол ачып берип жатат. Жогоруда айткандай, бала бакчага, мектептерге балдарды орноштурууда «кыргызча сүйлөшүүгө» жөнөкөй жарандар тартылып, «пара алгандар гана эмес, аны бергендер да» коррупционер-паракор экендигин эсинен чыгарып коюшат.

Борбор Азиядагы Эл аралык консалтинг компаниясы тарабынан_«Экономикалык башкаруу тармагында_потенциалды өстүрүү» Долбоорунун негизинде 2014-жылы республика боюнча 4000 респондент катышкан_изилдөө жүргүзгөн. Анда коррупциянын масштабын билүү үчүн «Жогорку кызматтагы атка минерлер кызматын «сатып алып», чыгашасынын ордун толтуруу максатында кол алдындагылардан башкалардан «пара» алуусуна жана анын бир бөлүгүн аларга берүүсүнө мажбурлайт» деген суроосуна сурамжылоого катышкан_жарандардын 65,5%ы жана ишкерлердин 67,6%ы «ооба» буга макулмун деп жооп беришкен. Демек, Кыргызстанда коррупция системалуу болуп калгандыгынан кабар берет.

Адабияттар:

  • КРдин Коррупцияга жөнүндө мыйзамы. 2012, 8-август, №153, 1-берене;
  • Иссследование «Коррупция в Кыргызстане: масштабы, причины и возможности снижения» //Аткаруучу CAIConsulting-Б., 2014;
  • Кыргыз ССРинин тарыхы. –Ф., 1973-ж.;
  • В.В.Лопатин, Л.Е.Лопатина. Иллюстрированный столковый словарь современного русского языка. –М., 2007, 849-бет;
  • Эркебаева А. Балыкчы: Мэр города угрожал бывшему мэру // https://kloop.kg 2009-ж.,9-август;
  • Ушакова Д.Н. Толковый словарь русского языка. –М., 1935-1940гг.;
  • Брюс Панниер. Бакиев продолжает политику непотизма, который был причиной краха Акаева // www.azattyk.org. 09.08.2009;
  • Макаладан караңыз: Караталов Ө. Коррупция и теневая экономика в Кыргызстане. // Экономика Центральной Азии. Конференциянын макалалар жыйнагы._2012;
  • Макаладан:Егиналиев М. Политический менеджмент и традиционализм политической культуры государственных служащих. //Вестник Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики. –Б., 2013, 67-б.