Шаршемби, Август 05, 2020

КУУда мамтил боюнча ЖОЖдор аралык I олимпиада болуп өттү (толукталды)

002017-жылдын 20-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик тил боюнча_Бишкек шаарындагы_жогорку окуу жайлар аралык I студенттик олимпиаданын ачылыш аземи болду. Жыйында_Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы_Назаркул_Ишекеев, КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков, Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев жана Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибрагимовалар сөз сүйлөп, калыстарга - тактыкты жана калыстыкты, катышуучуларга - ийгиликтерди каалашты.

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Махмуд Кашгари-Барскани_атындагы_Чыгыш университети биргеликте уюштуруп жаткан бул олимпиадага Бишкек шаарындагы 14 жогорку окуу жайдан 28 студент катышууда.

Олимпиаданын катышуучулары сунуш кылынган тема боюнча дил баян жазышып, алдын ала берилген тема боюнча долбоорлорун коргошот жана берилген текстти көркөм окуу боюнча күч сынашат.

Олимпиаданын калыстар тобун Билим берүүдегү заманбап маалымат технологиялары институтунун мамлекеттик тил боюнча проректору Акылбек Шаршенбаев жетектеп, курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева, Билим берүү жана илим минитстрлигинин алдындагы “Кыргыз тест” башкармалыгынын адиси Жыпар Саламатова, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын адиси Эльвира Ниязбекова жана Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын башчысы Зина Мурзалиева кирди.

Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) алып барды.

Ачылыш аземи аяктаган соң, олимпиаданын катышуучулары тапшырмаларды аткаруу үчүн дарсканаларга тарашты.

Калыстар тобунун чечими менен олимпиаданын жыйынтыктары төмөндөгүдөй болду:

1. Долбоорлорду коргоо

  • 1-орун: Абдыкеримов Аскат -_И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти.
  • 2-орун: Жаңыбаева Асель - И.Арабаев атындагы_КМУнун студенти
  • 3-орун: Нарынбек уулу Айбек - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти.

2. Дилбаян жазуу жана көркөм окуу

  • 1-орун: Курманбек уулу Нурахим - Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти
  • 2-орун: Каныбекова Дүрдана - И.Арабаев атындагы КМУнун студенти,_Матназаров Марлен - КМЮАнын студенти
  • 3-орун: Нурдинова Бегимай - Махмуд_Кашгари-Барскани_атындагы Чыгыш университетинин студенти,_Осмонкул кызы Айсулуу - Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти.

Олимпиаданын ачылыш аземинен фото-репортаж

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинен фото-репортаж

press knu 2017

Тема боюнча материал:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 865 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары