Шаршемби, Август 05, 2020

Аруулуктун башаты - аялзат! (толукталды)

00

2017-жылдын_18-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Аруулуктун башаты аялзат” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Илимий жыйында адеп-актыктын башаты болушкан аялдардын коомдогу орду менен ролу, көйгөйлүү проблемалары тууралуу сөз болду.

Жыйындын жүрүшүндө социология илидмеринин кандидаты, доцент, “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун жетектөөчү адиси_Т.Шайдуллаева, философия илимдеринин кандидаты, доцент Ч.Сааданбекова, философия факультетинин_аспиранты Н.Субанкулова, И.К.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын доценти, психолог Н.Төлөгөн кызы, Ислам университетинин окутуучусу М.Рыспаева, доцент Ж.Бердибаевдер фактылык материалдардын, ар тараптуу жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде кызыктуу_баяндамаларды жасашты.

Конференциянын катышуучулары үчүн бул иш-чарага Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Төрага орун басары (азыркыча айтканда-вице-премьер министр), Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри сыяктуу өтө жоопту жана ардактуу кызматтарды аркалаган, улуу залкарлар түптөп кеткен мамлекетибиздин андан ары гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон Жамал Чүйбековна Ташыбекова эженин келип катышуусу жана аялзатынын коомдун алгалашындагы ролу, өзүнүн өмүр тагдырындагы эң бир орчундуу окуялар тууралуу кызыктуу аңгеме куруп бериши жүрөк кубантарлык, эч качан эстен кетпес иш болду.

Аялзатка арналган бул жыйынга ардактуу конок катары чакырылган Кыргыз Республикасынын эл акыны Сагын Акматбекованын_кызыктуу маеги да эч кимди кош көңүл калтырган жок.

Конференциянын соңунда мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) мындай иш чаралардын маанилүүлүгүнө токтолуу менен келген конокторго ректораттын атынан терең ыраазычылыгын билдирди.

04

02

03

05

06

press knu 2017

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 861 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары