Среда, Августа 21, 2019

“КУУнун мырзасы - 2010"

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналып, 4-май күнү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында  “Улуттук университеттин мырзасы - 2010" деп аталган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган конкурсту өткөрүү боюнча кабыл алынган Жободо айтылгандай, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жигит студенттери үчүн уюштурулган  “Улуттук университеттин мырзасы - 2010" конкурсу Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын тарыхында биринчи уюштурулуп жаткан  жаштарды татыктуу тарбиялоого  багытталган иш чаралардын составдуу  бөлүгү болуп эсептелет.

Мындай сынак окуу жайыбыздын тарыхында алгачкы жолу уюштурулуп жатса да, эң жогорку деңгээлде өттү десек болот. Катышуучулар менен даярдануу иштери мурда эле башталгандыктан, конкурстун жүрүшүндө алар өзүлөрүн эркин сезип, бардык тапшырмаларды мыкты аткара алышты.

Ал эми тапшырмалар төмөнкүчө болду: сахнага чыгуу, жоокердик салам, алгачкы коомду элестеткен экзотикалык костюмдар менен «Жолборс жомокко» катышуу, «Эмне үчүн мен Кыргызстанды сүйөм» патриоттук репликасы жана интервью формасындагы интеллектуалдык, логикалык суроо-жооп.

 alt

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Залкар Сабыржан уулу - "Улуттук университеттин мырзасы-2010”

 alt

КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Үмүт Култаева жетекчилик кылган    калыстар тобу төрт  негизги номинациянын ээлерин аныкташып, жыйынтыгында эң мыктылардын аттары аталды. Ал эми “Улуттук университеттин мырзасы-2010” деген титулга Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун студенти Залкар Сабыржан уулу татыктуу болду.

Конкурс Улуу Ата мекендик  согуштагы  Жеңиштин  65  жылдыгына   арналып, эр жигиттерди, жалпы эле жаштарды  мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт. Ал бүгүнкү күндүн жаштарынын табитине төп келген шоу-программалар аркылуу улуттук баалуулуктарга, мекенчилдикке,  коомдогу активдүүлүккө үндөп, аларды өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүгө жана жеке эркин башкара билүүгө шык берүү милдетин аркалайт.

alt

Бул иш-чара коомубуздагы аракечтик,  наркомандык, селсаяктык өңдүү терс көрүнүштөргө каршы туруп, жаштардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө,  алардын эстетикалык деңгээлин, дене тарбия маданиятын, кругозорун жогорулатууга  үндөө жолу менен бүгүнкү күндүн жаш мырзасынын образын ачып берүүгө тийиш.