Шаршемби, Февраль 24, 2021

Кичи-футбол боюнча “Ректордун кубогу” - экономфактын студенттеринде

0

2017-жылдын 25-февралында 6-окуу имаратындагы спорт залда кичи-футбол боюнча_“Ректордун_кубогун” жеңип алуу үчүн_факультеттер арасында болуп өткөн турнирдин жыйынтыгы чыгарылды. Финалдык оюнга КУУнун ректору профессор Чынара Адамкулова өзү келип күбө болду жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев жана факультет декандары катышкан турнирдин жабылуу аземинде ал мелдештин катышуучуларына ыраазылык билдирип, аларга мындан аркы спорттук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

Биринчи орунду ээлеген экономика факультетинин футболчулары Чынара Адамкулованын колунан "Ректордун кубогун" алышты, ал эми экинчи орунду ээлеген кыргыз-европа факультетинин жана үчүнчү орунду ээлеген юридика факультетинин спортчуларына грамоталар тапшырылды.

Аталган турнирдин уюштуруучусу, студентик сенаттын төрагасы Ынтымак Касмакуновдун билдиришинче, мелдештерге 21 команда катышып, 70 оюн көрсөтүлдү.

press knu 2017