Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУда Ооган согушунун аяктагандыгынын 28 жылдыгы белгиленди

00

2017-жылы 14-февралында_башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу факультети тарабынан_Ооган согушунун аяктагандыгынын 28 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын_өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев, Ооган согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин торагасы Тыныбек Кадыров жана ооган согушунун ардагерлери катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө жаш муундардын патриоттуулук сезимин өстүрүүгө жана Ооган кыймылын өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн бир катар факультет декандарынын тарбия иштери боюнча_орун басарларына Ооган согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин «Ардак грамотасы» ыйгарылды:

КУУнун бириккен профсоюздук комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков_кутуктоо сөзүн айтып, Улуттук университетте иштеген Ооган согушунун төмөндөгү ардагерлерине КУУнун «Ардак грамотасын» жана акчалай сыйлыктарды тапшырды:

  • К.Уметов - _юридикалык факультеттин окутуучусу
  • А.Шамшиев - ККЖКД факультетинин деканы
  • А.Маматов -_КУУнун башкы инженерин.. 

Иш-чаранын соңунда жыйындын катышуучулары үчүн КУУнун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.

press knu 2017