Шаршемби, Февраль 24, 2021

"Де-факто" гезити: "Чынара айым чыныгы реформатор экен"

00

Улуу ойчул Жусуп Баласагындын ысымын алып жүргөн Кыргыз улуттук университети бир нече жылдан бери талаш-тартыштын, ызы-чуунун чордонуна айланып, ичиндеги кландардын кырчылдашкан чабышмай оюнуна от жагылып келе жаткан эле.

Тагыраак айтсак, өзүн кыйын сезген кишилердин ар бири университеттин ичинде институттарды ачып, өз алдынча финансы топтоп, каражатты каалагандай пайдаланып келген.

Чынара Адамкулова мына ушул илдетти жоюу үчүн чечкиндүү күрөш жүргүзүп, алкымы кеңдердин кокосуна сайылып, акыры жеңиштин бир бучкагын кармап турган кези.

Ооба, ал аралыкта түрдүү каралоолор жүрдү, парламент депутаттары дагы кийлигишип, капчыктуулардын кызыкчылыгын коргогонго аракеттенди. Бирок, «ак ийилет, сынбайт» дегендей, аз дагы болсо иштин үзүрүн көрүп турган учуру.

Биз Чынара айымга ийгилик каалап, реформаны аягына чейин жеткиришин тилейбиз. Сиздей айымдар көп болсун!

df 01

df 02

press knu 2017