Бейшемби, Июль 29, 2021

Физфактын студенттери "космосто жүргөндөй" болуп келишти

Физика жана электроника факультетинин 100дөн ашуун студенттери, о.э. профессор Э.Мамбетакунов, окутуучулар Р.Исаева, Г.Исмаилова, Г.Каныметова, Д.Асанбекова жана Э.Бакирова “Космо парк” эс алуу борборунда элге тартууланып жаткан “Прекрасная земля” аттуу документалдуу тасманы көрүп келишти.

Заманбап жабдуулар менен коюлган тасма көрүүчүлөрдө чыныгы космосто жүргөндөй сезим калтырып, студенттердин аалам таануусун кеңейтүүгө салымын кошту. Белгилеп кетчү несе - Жерде болуп жаткан экологиялык көйгөйлөр чагылдырылган бул тасма космонавттар тарабынан космос кораблинде эч кандай кошулма эффектилери жок, түздөн-түз тартылган.

01 1

01 2

03

  • Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Боскеева Гүлбарчын, Калилов Айдар - жаштар комитетинин мүчөлөрү