Бейшемби, Июль 29, 2021

Геофакта 1-курстарды тосуп алуу жана бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи болуп өттү

2016-жылдын 21-ноябрында география, экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу жана бүтүп кеткен студенттерди узатуу аземи болуп өттү.

Факультеттин деканы Мураталы Дүйшөнакунов, анын орун басарлары жана профессордук-окутуучулук курам болочок географтарды кызуу куттукташып, аларга символикалуу "Сынак китепчесин" жана "Билим ачкычын" тапшырышты.

Андан сырткары, кафедра башчылары чыгып, азыркы мезгилдин талабына ылайык географтарды даярдоо боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү. Алар 2016-жылкы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашып, дипломдорун тапшырышты. Эки аземди бир өткөрүү абдан жагымдуу таасир калтырды.

Салтанатуу иш-чара концерттик программа жана кызыктуу конкурстар менен уланды.

01

02

03

04

05

06

07

Муханбет уулу Сыймык -  тарбия иштери боюнча декандын орун басары