Бейшемби, Июль 29, 2021

Физфакта "СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата тегерек стол өткөрүлдү

2016-жылдын 1-декабрь күнү физика жана электроника факультетинде “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын башында студенттер тарабынан даярдалган СПИД жөнүндө, ага каршы кандай кам көрүлүшү керектиги жана алдын алуунун жолдорун баяндаган видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң студенттер атайын СПИД жөнүндө социалдык сурамжылоо жүргүзүлүп, элдин түшүнүгү бул оору тууралуу канчалык деңгээлде экендиги да видеоролик түрүндө тартылып, жалпы жамаатка көргөзүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө тема боюнча студенттер арасында кызуу талкуу болуп, СПИД жөнүндө кенен маалыматка ээ болуп кайтышты.

Бакирова Элизат, Боскеева Гүлбарчын, Калилов Айдар