Бейшемби, Июль 29, 2021

Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун чыгармалар жыйнагынын бет ачары болуп өттү

2016-жылдын 24-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун «Акын жана инженер» деп аталган 10 томдук чыгармалар жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Иш-чара “Ыйман” фонду жана Кыргыз Улуттук университети тарабынан өткөрүлдү.

Кечеге окурмандар менен кошо белгилүү илимпоздор, акын-жазуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер катышты.Надырбек Алымбеков бүгүнкү күндө адамдарды руханий, адеп-ахлактык тарбиялоо өтө маанилүү экенин, бул, өз кезегинде, мамлекеттүүлүктү сактоонун негизи экенин белгиледи.

Билими боюнча инженер, совет жылдарында жетекчи кызматтарды аркалап келген, жашы 50гө толгондо поэзия дүйнөсүнө аралашып баштаган автордун китебинде анын 27 жыл ичинде жазылган чыгармалары камтылган.

Жыйнактын эки китеби “Ыйык Курандын” ыр түрүндө кыргыз тилине котормосун камтыса, калгандары автордун өз өмүрүндөгү окуялардан, кадимки жашоодон алынган турмуштук мисалдардан турган проза жана поэзия түрүндөгү чыгармалар.

Акындын “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Улуу карышкырлар”, “Аманат жандын азыгы”, “Ыймандан дилим тазарат” аттуу чыгармалары эл арасында белгилүү.

01

02

03

Турарбеков Тилек – жаштар иштери боюнча бөлүмдүн координатору