Бейшемби, Июль 29, 2021

Мезгилдүү басма сөз күнүнө карата футбол мелдеши өткөрүлдү

2016-жылдын 5-ноябрында журналистика факультетинин 60-жылдыгына жана 7-ноябрь - Басма с­өз күнүнө карата мезгилдүү басма сөз кафедрасы тарабынан окутуучулар арасында залдагы футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Алты факультеттин окутуучуларынан түзүлгөн командалардын күч сынашуусун университеттин спорт залында окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев ачып, аларга ийгилик каалады жана иш-чараны уюштуруп жаткан басма сөз кафедранын жетекчиси Милан Мырзагуловго ыраазычылык билдирди. Проректордун айтымында, мындай иш-чаралар окуу процессине позитивдүү гана таасир берет.

Турнирге төмөндөгү командалар катышты:

  • журналистика факультети менен ректораттын бириккен командасы
  • экономика факультетинин командасы
  • кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультетинин командасы
  • физика жана электроника факультети менен математика, информатика жана кибернетика факультеттеринин бириккен командасы
  • педагогика факультетинин командасы
  • юридикалык факультеттин командасы.

Беттешүүлөр аяктаган соң, мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар тапшырылды:

  • 1-орун: юридикалык факультет (кубок, диплом жана 3 миң сом)
  • 2-орун: кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультетинин командасы (диплом жана 2 миң сом)
  • 3-орун: экономикалык факуультеттин командасы (диплом жана 1 миң сом).

02

04

05

06

07

08

09

10

Мырзагулов Милан - басма сөз кафедрасынын башчысы