Бейшемби, Июль 29, 2021

Педфактын 1-курс студенттери үчүн "Тушоо кесүү" аземи өткөрүлдү

2016-жылдын 16-ноябрында, М.Жангазиев атындагы куурчак театрында педагогика факультетинин 1-курс студенттери үчүн "Тушоо кесүү" аземи өткөрүлдү. Декандын м.а. Гүлназ Адылбек кызы жана анын тарбия иштери боюнча орун басарлары Самат Жолочиев менен Мирбек Шарабидинов 1-курстарды эми "чындап студент болушу" менен куттуктап, ак тилектерин айтышты.

Кечээки абитуриент, бүгүнкү 1-курс студенттери ант беришкен соң, Гүлназ Адылбек кызы аларга символикалуу "Билим ачкычын" жана "Сынак китепчесин" тапшырды.

Салтанаттын расмий бөлүгү аяктаган соң, майрамдык бөлүгү башталып, 1-курс студенттерин факультеттин бүтүрүүчүлөрү жана белгилүү эстрада ырчысы Айбек Саралаев  куттуктап, ыр белектерин арнашты. Концертте факультеттин  таланттуу студенттери да өз өнөрлөрүн татыктуу көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор да тапшырылды.

01

02

03

04

Самат Жолочиев, Мирбек Шарабидиновтарбия иштери боюнча декандын орун басарлары