Таластагы "Мээрим-Себат" лицейинин окуучулары КУУ менен таанышты
21.10.2016 16:25
2016-жылы 21-октябрь күнү Талас областындагы "Мээрим-Себат" кыздар лицейинин 11-класс окуучулары Улуттук университет менен таанышты.Тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаменттин кызматкерлери аларды жылуу тосуп алып, КУУнун тарых музейинде 84 жылдык тарыхы бар Кыргыз улуттук университети жөнүндө айтып беришти.
Алдыда Кыргызстандын 7 дубанынан окуучулар келип, Улуттук университет менен таанышмакчы. Силер үчүн эшигибиз ар дайым ачык, урматтуу абитуриенттер!
Турарбеков Тилек – жаштар иштери боюнча бөлүмдүн координатору