Шейшемби, Январь 31, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Буранада Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленди (толукталды)

002016-жылдын 14-октябрында КУУнун ректору, профессор Чынара Адамкулова баштаган Улуттук университеттин окутуучу-профессорлор тобу «Бурана» археология-архитектуралык комплексинде өткөрүлгөн улуу ойчул жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып келди.

Бул күнү Бурананын айланасы Жусуп Баласагын жашап өткөн XI-кылымдагы шаарды элестетип турду: мунаранын бир жагынан төө минген көпөстөр келатса, экинчи жагынан тайгандарын ээрчитип, алгыр куштарын колуна кондурган мүнүшкөрлөр келатты. Батыш тараптагы дөбө этегинде боз үйлөр тигилип, шаар тургундары күндөлүк жашоосу менен алек: усталар ээр жасап, апалар шырдак шырып, кыз-жигиттер селкинчек тээп, жаш балдар чүкө ойноп жатышат.
 
Алгачкы жааган карга карабай, мунаранын түндүк тарабына толтура эл чогулуп, майрамдык салтанаттын башталышын күтүүдө.
 
Иш-чаранын катышуучуларын улуу ойчул жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы менен өлкө башчысынын атынан Президенттик Аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан депутат Садык Шер-Нияз куттукташты.
 
Салтанаттын жүрүшүндө Жусуп Баласагын жашап өткөн доор, анын эмгектери, замандаштары жөнүндө театрлаштырылган сценкалар көрсөтүлүп, кыргыздын белгилүү артисттери катышкан чоң концерттик программа болду.

press knu 2016 00
 
Тема боюнча кошумча материал: "Ала-Тоо 24" КТРК