Таазим сага мугалим!
11.10.2016 13:59
2016-жылдын 10-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери түзүмдүн окутуучулар жамаатын «Мугалимдер күнү» менен куттуктап, “Таазим сага мугалим!” аттуу чакан концерт тартуулашты.
Студенттер «Манас» айтышып, «Кыргыз бийин» бийлеп, комузда кол ойнотуп, гитара менен комуздун коштоосунда түркүн жанрдагы ырларды аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Айрым студенттер эже-агайларына арнап жазган ырларын көркөм окушту. Кеченин жүрүшүндө о.э. окутуучулар арасында «Шпаргалка» сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.
Кеченина соңунда жалпы окутуучу-профессорлор жамаатын факультет деканы, профессор Мырзабек Жумаев куттуктап, кесиптештеринин иштерине ийгилик каалады.
Материалды даярдаган:
Токтакунова Медина -
кыргыз филологиясы
факультетинин
2-курс студенти