Среда, Января 22, 2020

Окумуштуулар кеӊешинин 11.02.2016 отуруму

alt2016-жылдын 11-февралында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында КУУнун ректору Чынара Адамкулованын төрагалыгы астында Окумуштуулар кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду:

  • “КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы жана аны өркүндөтүү багыттары”
  • “2015-2016 – окуу жылынын кышкы сессиясы тууралуу жыйынтык маалымат жана экинчи жарым жылдыкка коюлган максаттар”
  • “КУУнун факультеттериндеги окуу процесси, тарбия иштеринин абалы жана аларды өркундөтүү тууралуу маалымат”
  • “Ар түрдүү маселелер”.

КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы жана аны өркүндөтүүнүн багыттары тууралуу мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев баяндама жасады.

2015-2016 – окуу жылынын кышкы сессиясы тууралуу жыйынтык маалымат жана экинчи жарым жылдыкка коюлган максаттар тууралуу окуу бөлүмүнүн башчысы Сардарбек кызы Нурайым айтып берди.

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча педагогика факультетинин деканы Бураима Сарымсакова, чет тилдери факультетинин деканы Памира Кадырбекова, химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы Туратбек Байдинов жана кыргыз-кытай факультетинин деканы Бектурсун Байсабаевдер чыгып сүйлөшүп, өздөрү жетектеген түзүмдөрдөгү окуу процесси, тарбия иштеринин абалы жана аларды өркундөтүүнүн жолдору тууралуу баяндама жасашты.

Ар түрдүү маселелер боюнча окумуштуу катчы Гульмира Осмоналиева чыгып сүйлөп, КУУнун окумуштууларынан "профессор" илимий наамын алууга 3, "доцент" илимий наамын алууга 1 талапкер чыкканын айтып, алар тууралуу маалымат берди жана алардын документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына сунуштоого макулдук сурады. Алар:

"Профессор" илимий наамына талапкерлер:

  • Раимкулова Ажар Супуровна - "Жогорку окуу жайлардын педагогикасы" кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринии доктору, профессордун милдетин аткаруучу.
  • Урусова Толкун Эсеновна - "Педагогика" факультетинин профессорунун милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин доктору.
  • Букуев Медетбек Омошевич - "Дене тарбия маданияты, ден-соолук жана спорт" кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу.

"Доцент" илимий наамына талапкер:

  • Насбекова Саткынай Калыбековна - "Жарандык укук жана процесси" кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, юридика илимдеринин кандидаты.

Мындан сырткары, Окумуштуулар кеңешинин отурумунда төмөндөгү окумуштуулардын доктордук диссертацияларынын темалары бекитилди.

  • Эсенгул кызы Чинара - саясий илимдердин кандидаты, КУУнун докторанты: "Основные аспекты обеспечения безопасности в деятельности международных организаций". Илимий кеңешчиси - философия илимдеринин доктору А.Б.Элебаева.
  • Исмаилов Дастан Искендербекович - "Кылмыш, укук таануу жана процесси" кафедрасынын доцентинин м.а., юридика илимдеринин кандидаты: "Процессуальное положение следственного в уголовном судопроизводстве зарубежных стран". Илимий кеңешчиси - ю.и.д, профессор К.М.Сманалиев.
  • Куттубаева Дамира Доолбековна - "Русский язык как иностранный" кафедрасынын изденүүчүсү, Талас мамлекеттик университетинин доцентинин м.а., педагогика илимдеринин кандидаты: "Теоретические и лингводидактические основы обучения профессиональной компетенции студентов гуманитарного профиля на материале русского языка как неродного". Илимий кеңешчиси - п.и.д, профессор Н.А.Ахметова.

Студенттердин окуусуна жеңилдик берүү тууралуу маалыматты тарбия иштери боюнча координатор Алайбек Шамшиев берди.

Жыйындын соңунда КУУнун ректору Чынара Адамкулова чыгып сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Декандардын айтымында баары сонун, баары ойдогудай - ажатканалардын жана аудиториялардын ремонтунан башка көйгөй жок экен. Чындыгында андай эмес. Тилекке каршы, декандар өз баяндамаларында текшерүүнүн жүрүшүндө окуу бөлүмү тарабынан аныкталган кемчиликтер тууралуу унчугушкан жок.

- Мисалы, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, эң көп кемчиликтер кыргыз-кытай факультетинде орун алган. Бирок, факультеттин деканы өз сөзүндө аталган кемчиликтерди жоюу жана мындан ары болтурбоону мындай кой, бул көйгөй тууралуу таптакыр эчтеке айткан жок. Биринчи кемчилик - Кытайга кеткен студенттердин маселеси. Декан ал боюнча "атайын жобо иштеп чыгыш керек" - дейт. Эч нерсени "иштеп чыгуунун" кереги жок, анткени министрлик тарабынан бекитилген андай жобо азыр деле бар. Айтмакчы, аталган жобо боюнча эл аралык мамилелер факультети менен кыргыз-европа факультети сопсонун эле иштеп, чет өлкөгө студенттерди жөнөтүп жатышат. ККФтин студенттерин да Кытайга ошол жобонун негизинде жөнөтүү керек. Тилекке каршы, ККФ (ККИ) тарабынан Кытайга мурда жөнөтүлгөн студенттердин андай документтери жок. Мисалы, кытай тараптан келген чакыруу кагазы. Экинчи кемчилик - ККФтин лицензиясы боюнча маселе. Жаңы дайындалган декан жумушту ушулардан башташ керек болчу. Ошондуктан, жаңы дайындалганына карабай азыркы декандан аталган маселелер боюнча жоопкерчилик алынбайт

- Чет тилдер факультетинин деканы Памира Кадырбековна бул жерде коррупция тууралуу көп нерселерди айтты. Бирок, дал ошол факультетте 2 жылдан бери сабакка келбей, чет өлкөдө жүргөн студенттер аныкталып, алардын иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Эки жыл бою студент Кыргызстандын аймагында болбосо, анан кантип ал курстан курска көчүп жүрдү? Студенттин чет өлкөдө экенин билип туруп, бардык окутуучулар өз сабактары боюнча баа коюп, ведомостторго кол тамгаларын калтырышкан. Эми, ал студент 5-курс болгондо гана, окуудан чыгарылып, академиялык справка берилип отурат. Айтмакчы, бул студентке баа коюп, ведомостко кол тамгасын калтырган окутуучулар да УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жооп беришет.

- Ошондуктан, урматтуу Окумуштуулар кеңешинин кийинки отурумунда отчет берчү декандар, баяндамада "баары жакшы, баары сонун" дей бербей, окуу бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтер, аларды жоюунун жана мындан ары болтурбоонун жолдору тууралуу маалымат даярдасаңыздар.

alt