Среда, Января 22, 2020

Окумуштуулар кеӊешинин 10.03.2016 отуруму

alt2016-жылдын 10-мартында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Окумуштуулар кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, Окумуштуулар кеңешинин төрагасы Чынара Адамкулова алып барды. Отурумдун күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду:

1. КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин абалы жана «КУУнун илимий ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча 2020-жылга чейинки өнүгүү концепциясы» жөнүндө.

2. 2016-17– окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү тууралуу.

3. КУУнун окутуучу-профессорлор жамаатынын сапаттык курамы жана кадрлар менен иш жүргүзүү жөнүндө .

4. КУУнун факультеттериндеги окуу-тарбия процессинин абалы жана аларды өркүндөтүү тууралуу.

5. Ар түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Эрмека Лайлиева баяндама жасап, КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин абалы жана «КУУнун илимий ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча 2020-жылга чейинки өнүгүү концепциясы» жөнүндө маалымат берди.

- Сиздердин убакытты албаш үчүн билим берүүдөгү илимдин мааниси тууралуу айтпай эле койоюн, - деп баштады проректор өз сөзүн. - Биздин университет үчүн Улуттук изилдөө борборуна айлануудан башка альтернатива жок. Биз болбосок - башка ким болот?.

Андан ары Эрмека Лайлиева төмөндөгүлөргө токтолду:

1) Илимий-техникалык кеңештин жаңы курамы декабрь айында 2, январда 1 жыйын өткөрдү;

2) 2015-жылы Билим берүү жана илим министрлигине 29 илимий проект тапшырылып, 15 проект экспертизадан өттү. Алардын ичинен 10 проект табигый илимдер багытында болсо, 5 проект - коомдук илимдер багытында.

3) Бул жылы КУУнун ички илимий гранттарына 32 проект келип түшүп, алардын 16-сы илимий экспертизадан өттү. Өткөндөрдүн ичинен 10 проект - табигый илимдер багытында, 4 проект - лингвистикалык, 1 - юридикалык илимдер багытында, 1- жаш окумуштуулардын мектеби. Каржылоодо булардын баарына бирдей критерийлер колдонулду.

4) 2016-жылдын 1-мартынан баштап Улуттук университеттин 3-айда бир чыгуучу "КУУнун жарчысы" деп аталган илимий-агартуучу жана маалыматтык журналы "Орусиянын илимий цитаталоо индекси" (РИНЦ) деп аталган системага кошулду. Бирок, тебетейди көккө ыргытып майрамдоого али эрте. Анткени, РИНЦтин сыноо мөөнөтү бар. Эгер, жыл аягына чейин биздин журнал мезгил талабына жооп берген кызыктуу, цитаталануучу макалалар, талаш-тартыш жаратуучу материалдарды чыгаруу менен өз статусун тастыктай алса, анда ал РИНЦке толук кандуу кошула алат. Айтмакчы, РИНЦ системасынан чыгарылып жаткан кыргызстандык бир журнал бар.

5) Үстүбүздөгү жыл президент тарабынан "Тарых жана маданият жылы" деп жарыяланды. Буга байланыштуу, май айында  Жусуп Баласагындын 100 жылдгына арналган ЖОЖдор аралык студенттик илимий конференцияны,  16-18-сентябрда ушул эле темада эл аралык илимий-практикалык конференцияны, 21-октябрда 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган илимий конференцияны, 26-августта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү милдети турат.

6) Учурда министрликтин тапшырмасы менен "Атмосфернын мониторинги" илимий-изилдөө борбору тарабынан КГУСТА жана Орусиянын гидрометеорология жана айлана чөйрөнү көзөмөлдөө федералдык кызматы менен бирдикте КР - РФ өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык кызматташтык боюнча №18-протоколу ишке ашырылууда-

7) Улуттук университетте статистика топтоо менен гана алектенген илим бөлүмүнүн кереги жок. Бизге чет тилдерди, изилдөөлөрдүн экономикасын жана эффективдүү менеджментин билген мыкты адистер иштеген илим сектору керек. Мүмкүн бул сектор эл аралык бөлүмдө болушу мүмкүн. Алар киреше алып келбесе да, материалдык базаны өнүктүрүүгө, квалификацияны жогорулатууга, окумуштуу даражаларды жана наамдарды ыйгарууга салым кошушу керек. Бул жылы эл аралык проекттерге канча проект даярдалганын тактоого мүмкүнчүлүк болбоду. Белгилеп кетчү нерсе - жаштарды проекттер менен иштөөгө тартуубуз керек. Министрлик да эл аралык илимий проекттерди өз алдынча каржылоону пландаштырып жатат. Мамлекеттер аралык 4 диссертациялык кеңештерди түзүү боюнча иш алып барылууда. Алар: экономика боюнча - 2, юриспруденция боюнча - 1 жана тарых боюнча - 1 диссертациялык кеңеш.

8) Жыл сайын факультеттер кафедралардан илимий отчетторду топтойт, анан жалпылайт. Бул документтердеги негизги маселе - кафедралардагы жана факультеттеги илимий изилдөөлөрдүн тематикасы. Бул маселеде, б.а. илимий изилдөөлөрдүн тематикасын аныктоодо формалдуулук күч алды. Биринчилери илимий теманы аткарган түр көрсөтүшсө, экинчилери - текшерген түр көрсөтүшөт. Бир нерсе кылып чара көрбөсөк, абал татаал. Эске сала кетсем, 3-мартта министрлик тарабынан бардык ЖОЖдордун ректорлоруна илимий изилдөөлөрдүн жана диссертациялык иштердин бекитилген темалары боюнча маалымат берүүнү талап кылган каты жөнөтүлдү. Бул нерсе илимий изилдөөлөрдүн бирдиктүү базасын түзүү үчүн керек.

Ошондуктан, биз бекитилген илимий темаларды жана аткаруучуларды кайрадан текшерип, отчеттуулуктун формасын бекитишибиз керек. Мындан сырткары, окутуучулук кызматтарды ээлөө боюнча сынакка илимий компонентти кошушубуз керек. Эң негизгиси - темалар учурдун, мамлекеттин талабына жана улуттук приоритеттерге жооп бергидей болуш керек. Бизде аткаруучулардын зор потенциалы бар. Диссертациялык темаларды бекитүү учурунда кафедралык жана жалпы факультеттик темаларды эске алып, координацилоо  керек.

Эми, КУУнун илимий ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча биздин негизги милдеттер:

1) Илимий изилдөөлөр боюнча эл аралык сынактарга катышуу жана гранттарды алуу;

2) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган бир катар студенттик жана эл аралык илимий конференцияларды өткөрүү;

3) 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү;

4) Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүү;

5) 2020-жылга чейинки КУУдагы илимий-изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн жана ишке ашыруунун концепциясын иштеп чыгуу.

2016 -17– окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү тууралуу окуу иштери боюнча проректор Эрмек Усекеев баяндама жасап, быйылкы абитуриенттерди кабыл алуудагы конкуренция, ага байланыштуу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу айтып берди.

Эрмек Усекеевдин айтымында, мамлекеттик эмес билим берүү секторунун пайда болушу, адистештирилген ЖОЖдордо профилдүү эмес багыттар боюнча адистерди даярдоонун өсүшү жана абитуриенттердин санынын жыл сайын азайышы кээ бир конъюктуралык адистиктер жана аларга тапшырып жаткан абитуриенттер боюнча ЖОЖдор арасында конкуренциянын пайда болушуна алып келди.

Мисалы, 2015-жылы мектептерди  67 миң окуучу аяктап, алардын 53 миңи ЖРТ тапшырды. Анын ичинен 25 миң 135 окуучу гана сынакка катышты. Калгандары ЖРТнын жыйынтыктары боюнча министрлик тарабынан коюлган босого баллга (110 балл) жетпей калды.

Андан ары проректор КУУдагы студенттердин, окутууу-профессорлордун, адистиктердин, багыттардын жана бүтүрүүчүлөрдүн саны боюнча маалымат берип, ЖОЖдор үчүн "күнөстүү аралдардын" жана потенциалдуу абитуриенттердин санынын азайып жатканын белгиледи.

- Абитуриенттерди кабыл алуудагы "дефицитти" жана конкуренцияны быйыл "кадимки тиш оорудай" сезебиз, - деп сөзүн улантты окуу иштери боюнча проректор. - Ошондуктан, абитуриенттерди кабыл алуу боюнча профориентациялык ишерди күчөтүү зарыл. Ал үчүн биз ар түрдүү учурларды эске алган, жоготууларды азайта турган комплекстүү иш-чараларды камтыган "2018-жылга чейинки профориентациялык иштердин концепциясын" кабыл алдык.

Эрмек Усекеев өз сөзүндө о.э. КУУда ишке ашырылып жаткан орто, жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын жагымдуу имиджин түзүү максатында иштеп чыгылган "Университетти позициялоо" деген аталыштагы Программанын максаты жана аны ишке ашыруудагы 5 маселеге токтолду.

"КУУнун окутуучу-профессорлор жамаатынын сапаттык курамы жана кадрлар менени ш жүргүзүү жөнүндө" деп аталган күн тартибиндеги 3-маселе боюнча кадрлар бөлүмүнүн башчысы Маргарита Мусаева баяндама жасап, төмөндөгүлөгө токтолду: .

КУУнун кадрлар саясатын ишке ашыруунун негиги багыттары - окуу процессин мындан ары өркүндөтүүгө керектүү шарттарды түзүү, кадрларды жана кадрдык резервди  даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.

Аталган маселелерди чечүүнүн, ишке ашыруунун бирден бир жолу - бул конкурстук тандоону ишке ашырып,  окутуучу-профессорлордун штатын Кыргыз Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майында кабыл алган "Жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин ишкердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларды бекитүү" тууралуу №346-токтомуна шайкеш келтирүү керек. Токтомдо кафедра, факультет, окумуштуулар кеңеши, аралык жана жыйынтык аттестацияны өткөрүү боюнча жоболор бекителген. Аталган токтомдо дагы бир негизги документ - Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорундагы окутуучу - профессорлук кызматтарды ээлөө боюнча жобо бар. Белгилеп кетчү нерсе, токтом 2012-жылдан бери иштеп жатканына карабастан, КУУда бир дагы конкурстук тандоо өткөрүлгөн жок.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ачыктан ачык көзгө илбөөнүн айынан "Улуттук мектептерде орус тилинин мугалими" деген базалык билими жана укук таануудан таптакыр алыс адистик боюнча окумуштуу наамы бар адам факультеттин жетекчиси болуп калып жатат. Же болбосо, филолог "Мамлекеттин жана укуктун теорисы" кафедрасында иштеп, лекция окуйт, ал эми бир жылдык да тажрыйбасы жок кечээки студент негизги дисциплиналар боюнча лекция окууда.

Андан ары, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Улуттук университеттеги кандидаттардын жана докторлордун саны жетишпеген кафедралар, факультеттер боюнча маалымат берди.

- Мамлекеттик органдарда жетекчи болуп иштеп туруп, КУУда кошумча иштеген адамдардан арылуу керек, - деп сөзүн улантты Маргарита Мусаева. - Анткени, алар, мисалы, 0.25 ставкада иштегени менен сабактарга келишпейт. Бул айтылгандар өзгөчө укук коргоо органдарында иштегендерге тиешелүү. Айтмакчы, Укук коргоо органдарында кошумча иштөөгө тыйуу салынган. Эмне, аларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин тиешеси жокпу?!

Дагы бир жолу кайталайм, окумуштуу даражасы жок лаборанттын  лекция окуу жана илимдин кандидаты катары толук кандуу сабак өтүү практикасын токтотуш керек!

"Доценттин же профессордун милдетин аткаруучу" деп атоону да токтотуш керек. Анткени, жогоруда аталган Өкмөттүн токтомунда мындай аталыштагы кызматтар жок.

Конкурстук тандоонун жоктугунан декандарды жана кафедра башчларынын шайлоо эмигече өткөрүлө элкек.

Дагы бир нерсе, окутуучулардын жумушу - сезондук жумуш эмес. Ошондуктан, Эмгек кодексине туура келбеген 1 жылдык келишим түзүү практикасын да кайра карап чыгышыбыз керек. Илимдин кандидаттары жана докторлору менен келишимди 4 жылга түзүү максатка ылайыктуу.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, мен КУУнун жетекчилигинен төмөндөгүлөрдү суранам:

  • декандарды, кафедра башчыларын шайлоону мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүүнү;
  • дисциплиналарды теориялык жана методикалык жактан керектүү деңгээлде окутуу жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу үчүн окутуучу-профессорлук орундарга тиешелүү теориялык жана кесиптик даярдыгы бар адамдарды конкурстук негизде кызматка алуу боюнча жумушчу топ түзүүнү.

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы андан ары доценттик, профессорлук, ага окутуучулук жана окутуучулук кызматтарга жарыяланган сынактарга кимдер катыша алаары тууралуу малымат берген соң, төмөндөгүлөргө токтолду:

Урматтуу кесиптештер!

Негизгиси - туура стратегияны иштеп чыгуу эмес, негизгиси - жамаатта стратегиялык ой жүгүртүүнү калыптандыруу. "Жогорудагылар - ойлонот, төмөндөгүлөр - аткарат" деген психология жоголуп, университтетин алдына коюлган максаттар менен пландарды ишке ашыруу багытында жамаат мүчөлөрүнүн көз карштарынын жакындашуусуна, бардык деңгээлде интегративдик ой жүгүртүүгө орун бериши керек.

Биз окутуучулар менн кызматкерлерге көбүрөөк укуктарды жана жоопкерчиликти берип, аларды башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга да аралаштырып, жумуштун акыркы жыйынтыктарына так көзөмөлдү уштуруп, күчөтүшүбүз керек.

- Биз үчүн жогорку кесипкөйлүк жана өз ара мамилелердин маданияты ориентир болуп калышы керек, - деп сөзүн жыйынтыктады Маргарита Мусаева.

КУУнун жетекчилеринин баяндамаларынан кийин, өздөрү жетектеген түзүмдөгү окуу-тарбия процессинин абалы жана аларды өркүндөтүү тууралуу маалыматтык жана инновацилык технологиялар факультетинин деканы Калыбек Чороев, физика жана электроника факультетинин деканы Сагынтай Кадышев жана кыргыз филологиясы факультетинин деканы Мырзабек Жумаев  маалымат беришти.

Ар түрдүү маселелер боюнча окумуштуу катчы Гульмира Осмоналиева чыгып сүйлөп, "профессор", "доцент" илимий наамын алууга чыккан талапкерлер жөнүндө маалымат берип, алардын документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына сунуштоого макулдук сурады. Окумуштуу катчы о.э. докторлук темаларын бекитүүгө чыккан талапкерлер жөнүндө да билдрүү жасады.

"Профессор" илимий наамын алууга чыккан талапкерлер:

  • Айтбаев Абдимиталии Айтбаевич - философия жана социалдык-педагогика кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу;
  • Каракеев Таалайбек Тултемирович - ФИИиТ факультетинин маалымат технологиясы жана программалоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин доктору;
  • Панкова Галина Даниловна - Кыргыз-Европа факультетинин профессорунун милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин доктору.

"Доцент" илимий наамын алууга чыккан талапкерлер:

  • Сооронкулов Гульжигит Умарович - педагогика илимдеринин кандидаты, философиялык илимдер жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультетинин доцентинин милдетин аткаруучу;
  • Казанбаева Зарема Равильевна - юридикалык факультеттин жарандык укук таануу жана процесси кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, юридика илимдерииин кандидаты.

Докторлук темаларын бекитүүгө чыккан талапкерлер:

  • Кадыркулова Жайнагуль Камчибековнафилософиялык илимдер жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультетинин доценти, философия илимдеринин кандидаты. Докторлук темасыныи аталышы: «Гендерные аспекты менталитета кыргызского народа». Илимий кеңешчиси - ф.и.д, профессордун милдетин аткаруучу Айтбаев А.А.
  • Осмоналиева Гульмира Касыкеевна - КУУнун окумуштуу катчысы, ф.и.к, доцент, юридикалык факультеттин профессорунун милдетин аткаруучу. Докторлук темасынын аталышы: «Теоретические основы обучения лексики кыргызского языка в условиях полиязычной среды». Илимий кеңешчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Дообаев К.Д.

Окумуштуулар кеңеши о.э. төмөндөгү чечимдерди кабыл алды:

  • Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин "Изилденүүчү региондордун тарыхы жана маданияты" кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Жамихат Омурованын: «Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Борбордук Азия мамлекеттеринин интеграция маселелери» аттуу монографиясын грант аркылуу чыгарууга сунуштады.
  • Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору, ф.и.к. Абдразаков Абдыкерим Абдразаковичти  жогорку окуу жайларда талыкпас эмгектенип, филология илимдерине зор салым кошуп жана КР жаштарын тарбиялоого эбегейсиз салым кошкондугу үчүн "Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамын берүүгө сунуштады.

Студенттердин окуусуна жеңилдик берүү тууралуу маалыматты профсоюз комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев берди.

alt

 PS:

Урматтуу кесиптешетер жана окурмандар!

КУУнун басма сөз кызматы Окумуштуулар кеңешинин отуруму тууралуу маалыматтын кечигип чыгып жаткандыгы үчүн кечирим сурайт. Анткени, Билим берүү жана илим министрлиги менен Тил комиссиясынын талабын аткаруу максатында Окумуштуулар кеңешине орус тилинде даярдалган баяндамалардын баары кыргызча которулду.

_________________________________________________________________________________________________

Кошумча материалдар:

alt

alt

alt

alt

alt

alt