Шаршемби, Февраль 24, 2021

Ооганстан - айыкпаган жара

alt2016-жылдын 26-февралында №6-окуу имаратынын 5-дарсканасында математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканаты менен студенттик кеңеши «Ооганстан - айыкпаган жара» аттуу кече өткөрүп, иш-чарага ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов менен Алайбек Шамшиевдер чакырылды.

Жыйынды факультеттин деканы, профессор Асылбек Чекеев куттуктоо сөзү менен ачып, ооган согушунун ардагерлерине белек тапшырды.

Кадыр агай аталган согуштун ардагерлер кеңешинин аткарган функциялары, ооган жеринде болгон окуялар жөнүндө, о.э. ардагерлердин 1999-жылкы Баткен окуясында, 2005-жана 2010-жылдардагы революция учурунда жана Ош, Жалал-Абад окуяларында биринчилерден болуп элибиздин тынчтыгы үчүн тикеден-тик турганды тууралуу айтып берди.

Жыл сайын мына ушундай кечелерди уюштуруп, жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялагандыгы үчүн факультеттин деканы Асылбек Чекеев "Кыргыз Республикасынын «Ооган согушунун ардагерлернинин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин «Афган даңкы» ордени менен, ал эми тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкулов аталган бирикменин «Жаштарды өз мекенине берилүүгө тарбиялоодогу эмгеги үчүн» медаль менен сыйланышты. Орден, медалды аталган инсандарга ооган согушунун ардагери Кадыр Уметов тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин студенттери о.э. Советттер Союзунун баатыры Юрий Исламов атындагы студенттер үчүн стипендия, «Мээримдүү эне» медалы тууралуу кабардар болушту.

Жолугушуу аяктаган соң, интернационалист-жоокерлерди эскерүү максатында спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жолугушуу студенттердин мекенчилдик сезимин дагы бир жолу ойготуп, тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдо эң негизги нерсе экендигин далилдеди.

Материалды даярдагандар:

Амангелди уулу Нурсултан - студенттер кеңешинин төрагасы

alt