Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУда жаш акын Алтымыш уулу Мирландын поэзия кечеси болуп өттү

alt2016-жылдын 29-февралында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында жаш акын Алтымыш уулу Мирландын поэзия кечеси болуп өттү. Жыйында КУУнун ректорунун м.а., мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Мырзабек Жумаев жана Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдор чыгып сүйлөштү.

Кеченин башында автор тууралуу слайд-шоу көрсөтүлүп, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин студенттери бий аткарышты.

Кечеге акындар Нурлан Калыбеков, Бердибек Жамгырчиев, Узак Насирдинов, Максат Жангазиев жана төкмө акын Баян Акматов катышты. Студенттер акындын ырларынан көркөм окушту.

Материалды даярдаган:

Токтакунова Медина - кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенти

alt