

Юрфакта тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы талкууланды
22.01.2016 10:05
2016-жылдын 21-январында "Кыргызтест" системасынын жетекчиси Б.Б.Топтоева-Ставинская жана жетектөөчү адиси С.Султанбековалар юридикалык факультеттин профессор-окутуучуларына «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын» иш жүзүнө ашыруу боюнча маалыматтык семинар өткөрүштү.
Юридикалык факультеттин деканаты уюштурган иш чара көптөгөн суроо-жооптор менен коштолуп, "Кыргызтест" тууралуу кызыгууларды жаратты жана юридикалык адистик боюнча кесип ээлерин даярдоодо профессор-окутуучулардын мамлекеттик тилге басым жасоо керек экендиги жөнүндө ойлор, сунуштар айтылды. Семинардын жүрүшүндө о.э. расмий жана эл аралык чет тилдердин орду да белгиленди.
Материалды даярдаган:
Мирлан Калдыбай уулу - илимий иштер боюнча декандын орун басары