КУУнун ректору Амасья университетинин ректорун кабыл алды
25.06.2014 12:47
2014-жылдын 25-июнунда КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов Түркиядагы Амасья университетинин ректору Метин Орбай мырзаны кабыл алды. Жолугушууда эки университеттин Мевлана алмашуу программасынын алкагында биргеликте кызматташуу маселелери талкууланды. Аталган программада белгиленген иш-чараларда жана макулдашылган санда студент жана окутуучу алмашуу каралган.
Жолугушууга эл аралык кызматташууну координациялоо борборунун директору Жанат Жаманкулов жана эр аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун директору Николай Бредихин катышты.