Дүйшөмбү, Март 01, 2021

КУУнун профессору Эсенбек Мамбетакунов - КББАнын академиги

alt2014-жылдын 18-июнунда "VEFA" борборунда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.М.Мамытовдун 60 жылдыгына арналган «Дени сак муун – руху таза коомдун тиреги” деген темада республикалык 7-илимий симпозиум болуп өттү. 

Иш чарага КР билим берүү жана илим министри Канат Садыков, анын орун басары Назаркул Ишекеев, КУУнун ректору Искендер Исамидинов, КМУнун ректору Т.Абдрахманов, БГУнун ректору А.Мусаев, о.э. белгилүү педагогдор И.Б.Бекбоев, Э.М.Мамбетакунов, Н.А.Асипова, А.А.Алимбеков жана А.С.Раимкуловалар катышты.

Илимий симпозиум учурунда КУУнун профессору Эсенбек Мамбетакуновго Кыргыз билим берүү академиясынын академиги деген наам ыйгарылды.

"Урматтуу Эсенбек Мамбетакунович!

Сизди Кыргыз Билим Берүү академиясынын академиги деген наам алышыңыз менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Сиз ааламдагы эң ардактуу кесиптин ээсисиз! Караңгы түндү жарык кылган Ай сымал, Жашоого жарык нур чачып, жер бетине жан киргизген Күн сыяктуу Адам баласынын жан дүйнөсүнө акыл кенчин, мээримин, дилин, дитин арнаган, адамды аруулукка үндөгөн асыл адамсыз! Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Кудай Сизге күч кубат, узун өмүр, бакты-таалай, кетпес дөөлөт, түгөнбөс ырыскы берсин! Жараткан жакшылыгын аябай, эл ичинде Чолпон жылдыздай жанып, жаркырап жүрө бериңиз!"

Социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин

"Жогорку мектептин педагогикасы" кафедрасынын жалпы жамааты