Ишемби, Январь 16, 2021

Чет тилдер факультетинде түрк тили боюнча конкурс болуп өттү

alt2014-жылдын 23-майында чет тилдер факультетинин "Түрк тили" бөлүмүндө студенттердин билим деңгээлин текшерүү максатында конкурс өткөрүлдү. Сынакка ЛМКТ-1-11 жана ЛМКТ-2-11 группаларынын студенттери катышып, өздөрүнүн таланттарын, тапкычтыктарын жана түрк тилин өздөштүрүү деңгээлин көрсөтүштү.

3-курстун студенттери “Zaman” (ЛМКТ-1-11) жана “Pamuk Prens ve 7 Cüceler” (ЛМКТ-2-11) командаларына биригишип, төмөндөгү тапшырмаларды аткарышты:

1. Саламдашуу жана команданы тааныштыруу,

2. Түрк макал-лакаптарына байланыштуу суроолор

3. Түрк тилинде текст кураштыруу

4. Кроссворд толтуруу,

5. Суроо-жооп

6. Скетч

Сынактын жыйынтыгында “Zaman” командасы 51 упай менен “Pamuk Prens ve 7 Cüceler” (50,5) командасын жеңип чыкты.

Иш чарада о.э. студенттер арасында да конкурс өткөрүлүп, төмөнкү студенттер орундарга ээ болушту:

1-орун: Абдыкеримова Миргүль (ЛМКТ-1-11)

2-орун: Кадырова Гулбара (ЛМКТ-1-11)

3-орун: Ырысбай кызы Дамира (ЛМКТ-2-11)

Уюштуруучулардын айтымында, студенттердин билим деңгээлин текшерүү өз максатына жетти.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдагандар:

Элебесова Б.Б., Исмаилова А.И.