Бейшемби, Январь 28, 2021

СГИФте «Кылымдан кылымга" аттуу сый галерея ачылды

alt2014-жылдын 29-апрелинде социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин «Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасы жайгашкан 221-бөлмөдө Пед-10 группасынын демилгеси менен уюштурулган «Кылымдан кылымга» аттуу сый галереянын ачылышы болуп өттү. 

Көргөзмөдө аталган кафедранын өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон окумуштулардын жана кафедраны жетектеген чебер мугалимдердин сүрөттөрү илинип, алар тууралуу кыскача маалыматтар берилди.

Иш-чарага көрүнүктүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунович Мамбетакунов; педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асаналиевна Асипова; “Саясат таануу” кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, саясий илимдердин доктору, профессор Мэлс Табалдиевич Артыкбаев; социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек жана “Жогорку мектептин педагогикасы” кафедрасынын жалпы жамааты катышты.

Сый галереяда төмөндөгү инсандар тууралуу маалымат берилди:

  • Аулис Якобович Арет - окумуштуу педагог, психолог, педагогика илиминин доктору, профессор;
  • Балтабаев Мукаш Руставлетович - педагогика илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;
  • Азиз Эминович Измайлов - көрүнүктүү педагог-окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, СССР Педагогикалык илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер;
  • Бекбоев Исак Бекбоевич - педагогикалык илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз республикасынын эл мугалими;
  • жана башкалар.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдагандар:

«Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасынын кызматкерлери

alt