Жекшемби, Январь 17, 2021

Чет тилдер факультетинин студенттери ишембилик өткөрүштү (түзөтүлдү)

alt2014-жылдын 17-апрелинде чет тилдер факультетинин студенттери "Service Learning" долбоору боюнча өздөрү окуган окуу имараттын айланасын тазалоого чыгышып, коомго жардам көрсөтүүнүн үлгүсүн көрсөтуштү. Бул иш-чара "EnglishFellow программасынын англис тилин окутуунун усулу боюнча адиси Кевин Спенс мырзанын демилгеси жана "Чет тилдерди окутуунун усулу" кафедрасынын жетекчилигинин колдоосу менен ишке ашты.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында факультеттин 2-5 курсунда окуган студенттери март айынан баштап КУУнун башка түзүмдөрүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жумасына бир жолу 2 сааттан англис тилинен сабак беришет.

Бул долбоор аркылуу болочок чет тилчилер ар бейшембиде сабак өтүү менен котормочулук жана педагогикалык тажрыйба топтосо, башка факультеттин студенттери англис тилин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк апышат.

Долбоордун экинчи бөлүгундө студенттер университеттин айланасын тазалоону колго алышат. Студенттердин коомго жардам көрсөтүү боюнча Кевин Спенс мырзанын долбоорун "Чет тилдерди окутуунун усулу" кафедрасынын мүчөлөрү колдошууда. Аталган иш чарага факультеттин мурдагы окутуучусу, жакында эле Америкада PhD окумуштуу даражасын коргоп келген Роза Казакбаева да активдүү катышты. 

Кевин Спенс студенттер тууралуу мындай дейт: "Долбоор башталгандан бери студенттер өтө активдүү иштешүүдө. Биздин биринчи жолугушуу март айында болуп өткөн. Бул долбоор болочоктогу мугалимдерге жана котормочуларга эң жакшы тажрыйба болуп, англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрө элек студенттер үчүн да пайдалуу".

Коомдук ишке катышкан студенттердин баары уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Алардын айтымында, өткөрүлгөн иш чара бул долбоордун эң жакшы белүгү болуп калды. "Долбоордун алкагында биз чет элдик досторду таап, алар менен англис тилинде практика түрүндө баарлашып жатабыз", - дешет студенттер.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдагандар:

Доценттин м.а. Замира Мамбетова жана "Чет тилдерди окутуунун усулу" кафедрасынын мүчөлөрү