Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
ММБ факультетинин 1-курс студенттери Апрель баатырларын эскеришти


ММБ факультетинин 1-курс студенттери Апрель баатырларын эскеришти
09.04.2014 15:45
2014-жылдын 5-апрелинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курсунун студенттери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелинде өз мекенин коргоп жатып шейит кеткен улуу баатырларыбызга куран окутуп, эскерип келишти.
Келечектеги мамлекеттик башкаруучулар эл, жерин коргоп, жанын аябаган жаш уландардын тилеги акталса экен, мындан ары Кыргызстанда ушул сыяктуу жан кейиткен окуялар болбосун, Кыргызстандын келечеги өсүп-өнүксүн деген ниэтте кайра артка карай жол тарттышты.