Бейшемби, Январь 28, 2021

КУУнун тарыхчылары Апрель революциясына арналган ТС өткөрүштү

alt2014-жылдын 7-апрелинде башкы имараттын жыйындар залында (231-ауд.) тарых жана чөлкөм таануу факультети "Кыргызстандагы 2010-жылдагы Апрель революциясынын сабактары» аттуу тегерек стол өткөдү. Иш чараны  аталган түзүмдүн жетекчиси Аскарбек Беделбаев алып барды.

Ал "2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын эли, айрыкча жаштар укмуштуудай баатырдыкты көрсөтүп, ошол күнү кырчындай жаш курактагы 86 биздин жигиттерибиз курман болгондугун" белгиледи.

Модератордун сунушу боюнча, жыйындын катышуучулары "ай тегерек үстөлдү баштоонун алдында курман болгондорду эскерип", ордуларынан туруп, бир мүнөт аза күтүштү.

Факультеттин "Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова "Кыргызские революции: к вопросу терминологии" деген баяндама жасап, 2005 жана 2010 жылдарда болуп өткөн окуялардын аталышы тууралуу тарыхчылардын ою кандай экенин айтып берди.

"Кыргызстандын жаңы жана соңку мезгилдердеги тарыхы" кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Турат Жоробеков "Аксы окуясы - Кыргызстандагы эки революциянын башаты" аттуу баяндама жасады.

"Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы" кафедрасынын башчысы, профессор Жаныбек Жакыпбеков "2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги тарыхий окуялардын келип чыгышынын өбөлгөлөрү" деген баяндама жасады.

Тегерек столдун жүрүшүндө о.э. профессор З.И.Галиева "Апрель революциясынын негизги жыйынтыктары", "Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы " кафедрасынын башчысы, профессор Турдубек Шейшеканов "7-апрелдеги революциянын катышуучулары - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окутуучулары" деген докладдарды жасашты.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

alt