Ишемби, Ноябрь 28, 2020

КУУда "Эл аралык эне тил күнүнө" карата иш чара өткөрүлдү

alt2014-жылдын 21-февралында башкы имараттагы мамлекеттик тилдеги окуулуктар өргөөсүндө "Эл аралык эне тил күнүнө" карата КУУнун мамлекеттик тил бөлүмү атайын иш чара өткөрүлдү. Жыйынды илимий иштер жана иновациялар боюнча проректор Таалайбек Каракеев ачып, белгиленип жаткан майрамдын тарыхын баяндап, өз улутун, өз тилин урматтаган ар бир адам үчүн бул күндүн мааниси зор экендигин белгиледи жана эне тил майрамы менен өргөөдө отургандарды куттуктады.

Иш чарага Улуттук университетте билим алып жаткан ар улуттун – кыргыз, казак, тажик, түрк, кытай, корей - өкүлдү катышып, өз өлкөсү, эне тили жөнүндө кызыктуу баяндап, өз өнөрлөрүн көрсөттү.

Кыргыз улутунун атынан химия жана химиялык технологиялар факультетинин суденти Нурдин кызы Гулина кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин «Улут болсом, тилим менен улутмун» аттуу ырын ийнине жеткизе көркөм окуп берди, ал эми журналистика факультетинин студенти Айтолкун кыргыздын комузун шаңдантып, «Кыргызымдын обондору» аттуу ырды ырдады.

Казак элинен Ботокөз менен Бакдөөлөт, тажик кызы Гулбекова Мавзуна, корей кыздары Пе Джа Ен менен Ли Джуан, кытай жигити Чэнь Хао, түрк жигиттери Мавигоз Бесим менен Абдурахмандар өз улутунун маданияты менен тааныштырып, өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш чаранын аягында катышуучулардын баары биригип «Ата мекеним» аттуу ырдоо менен иш чараны жыйынтыкташты.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Айгүл Казакбаева - мамлекеттик тил бөлүмүнүн методисти