Ишемби, Ноябрь 28, 2020

“Улуттук унверситет” гезитинин жаңы саны жарык көрдү

altГезиттин бул саны ректордун алгы сөзү менен ачылып, андан ары университетте болуп өткөн соңкү жаңылыктар, белгилүү инсандар менен маектер, илимий макалалар, таланттуу студенттердин ырлары жана башка кызыктуу материалдар жарыяланды.

Атап айтканда, гезиттин 3-бетинде журналистика факультетинин профессору Абдиламит Матисаковдун "Жакшы жазуучу - жашообуздун редактору" аттуу маеги, 4-бетте кытайлык белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү, кыргыз филология факультетинин 1-курсунун студенти Турсунаалы уулу Тургунаалынын "Атам менен сыймыктанам" деген аталыштагы маектери орун алса, 5-бетте белгилүү котормочу Кубанычбек Басылбековдун "Котормочулук мени такшалтты, үйрөттү" деген маеги жарыяланды.

КУУнун профессору Турдубек Шейшекановдун “Тарыхтагы кетпес тактар...” макаласы “Окумуштуу ой бөлүшөт” деген рубриканын астында гезиттин 6-бетине жарыяланса, 7-беттеги “Сезим кайрыктары” деген рубрикада КУУнун студентери Айзада Жамгырчиева менен Молдояр уулу Бекболсундун ырлары жарыяланды. Ушул эле бетте Р.Ныязбекованын кыргыз-тажик байланышы тууралуу макаласы да орун алды.

Университеттин сыймыгына татыган алдыңкы студенттердин окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин чагылдыруу максатында ачылган "Миң сулуудан бир сулуу" рубрикасында журналистика факультетинин 2-курс студенти Айзада Жамгырчиева тууралуу материал гезиттин 4-бетине жарыяланды.

21-февралда белгиленүүчү "Эне тилдин эл аралык күнүнө" карата Жыргалбек Касаболотовдун "Эне тили" аттуу ыры гезиттин 6-бетинен орун алды.

"Керегем сага айтам" атуу рубрикада "Кайнене менен тил табышуунун жолдору" жарыяланса (8-бет), "Биле жүр" деген рубриканын астында кыргыздын каада-салт, үрп-адаттары тууралуу материалдар орун алды (8-бет).

Гезиттин электрондук вариантын бул жерден окусаңыз болот.

alt