Воскресенье, Мая 31, 2020

КУУда Ооган согушунун ардагерлерин куттукташты

alt2014-жылдын 14-февралында башкы имараттын чоң жыйындар залында Ооган согушунун бүткөнүнүн 25-жылдыгына арналган концерт болуп өттү. Иш чараны окуудан тышкары иштер боюнча проректор Жеңиш Акматов сөз сүйлөп, ачты.

Окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шаршенбек Салпиев жана анын орун басары Владимир Иванов Ооган согушунун ардагерлерине куттуктоо сөз айтышып, эрдиктери учун ыраазычылык билдиришти жана концертин ардактуу коноктору, Ооган согушунун ардагерлери, Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун биринчи орун басары Алайбек Шамшиевге жана Юридикалык институттун магистратура бөлүмүнүн башчысы Кадыр Уметовго кесиптик бирлик комитетинин ардак гамотасын жана акчалай сыйлыгын тапшырышты.

Ардагерлер студенттерге Ооганстанда башынан өткөн окуяларды айтып беришти.

Иш чара КУУнун таланттуу студенттери жана мугалимдери тарабынан даярдалган концерт менен улантылды. Жаштар иштери боюнча комитет жана маданий эстетикалык борбор тарабынан уюштурулган концертке о.э. Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери жана ооган согушунун ардагери Бакыт Мамаев катышып, ырларды аткарды.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

КУУнун жаштар иштери боюнча комитети