Ишемби, Ноябрь 28, 2020

Профессор Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович 70 жашта!

altКөрүнүктүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович 2014-жылдын 15-февралында 70 жашка толду.

Урматтуу Эсенбек Мамбетакунович! Сизди 70 жаш кутман курагыңыз менен чын дилден куттуктайбыз!

Сиз ааламдагы эң ардактуу кесиптин ээсисиз! Караңгы түндү жарык кылган Ай сымал, Жашоого жарык нур чачып, жер бетине жан киргизген Күн сыяктуу Адам баласынын жан дүйнөсүнө акыл кенчин, мээримин, дилин, дитин арнаган, адамды аруулукка үндөгөн асыл адамсыз!

Ушу күнгө дейре Улуу кесипти аркалап, илимде да улут сыймыктанаар Улуу эмгектерди жасоо менен Ата-Журт үчүн ак кызмат өтөп, келечек муун үчүн өрнөктүү өмүр сүрүп келесиз.

Билим берүү кызматында жана илимде талыкпас эмгек этип, тек гана жакшы жаңылыктын, ийги иштердин күбөсү болуу менен, жалпы жаш муунга, бүтүн кыргыз элине үлгү көрсөтүп, ааламга акыл жарыгын арнап, элге-журтка ак кызмат өтөй беришиңизге тилектешпиз. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Кудай Сизге күч кубат, узун өмүр, бакты-таалай, кетпес дөөлөт, түгөнбөс ырыскы берсин! Жараткан жакшылыгын аябай, эл ичинде Чолпон жылдыздай жанып, жаркырап жүрө бериңиз!

Терең урматтоо менен,

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун эмгек жамааты

alt   alt