Ишемби, Январь 16, 2021

Социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинде ачык сабак өтүлдү

alt2013-жылдын 12-декабрында №5-окуу имаратынын № 505-дарсканасында “Жогорку педагогика” кафедрасынын магистр окутуучусу Туратбек кызы Жазгүл “Педагогика илиминин изилдөө методдору” деген темада “Жогорку мектептин педагогикасы” адистигинин 4-курс студенттерине ачык сабак өттү. Ачык сабактын максаты - студенттерге педагогика илиминин изилдөө методдорун, ыкмаларын, жолдорун, б.а. аларды кандай жол менен колдоно билүү керек экенин үйрөтүү. Сабак “Блумдун таажыгүлү”, “Инсерт”, “Педагогикалык баш катырма” жана “Акыл таймаш” сыяктуу окутуунун интерактивдүү усулдарынын катарына кирген оюндар менен коштолуп, студенттердин кызыгуусун арттырды.

Мыкты упайларды алган активдүү студенттер “Азамат” артыкчылык төш белгилери менен сыйланышты.

Ачык сабакка “Жогорку педагогика” кафедра башчысы п.и.д., профессор Ажар Раимкулова, п.и.н., доцент Майрам Сатыбекова, улук окутуучу Тынара Темиралиева жана окутуучулар Мадина Токбергенова, Айпери Орозобекова, Алтын Омурова жана “Жогорку мектептин педагогикасы” адистигинин 5–курс студенти Назгүл Ниязова катышты.

Ачык сабакка катышуучулардын пикиринде, ачык сабак окутуунун интерактивдүү усулдары колдонулуп, жеткиликтүү, системалуу түрдө эң жогорку деңгээлде өтү жана максатына жетти.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

 Материалды даярдаган:

Туратбек кызы Жазгүл – "Жогорку педагогика” кафедрасынын магистр окутуучусу