Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарыхчылар "Декандын өтмө кубогун” талашышты

alt2013 жылдын 23 ноябрында №6-окуу имаратындагы спорт залда волейбол, футбол жана шахмат оюндары боюнча тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканынын "Өтмө кубогу” болуп өттү. Спорттук мелдештерге факультеттин 1-5 курсунун студенттери катышты. Факультеттин деканы, тарых илимдеринин доктору Бектемир Жумабаев студенттериди спортко үндөө менен, катышкан командаларга ийгилик каалап өттү. Бул мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду 4-курстун командасы, 2- орунду - 1 курстуку, 3-орунду болсо 5-курстун студенттеринин командасы камсыз кылышты.

Ал эми футбол боюнча 1-орунду 4-курстун командасы, 2-орунду - 2 -курстуку, 3-орунду болсо кайрадан эле 5-курстун командасы ээледи

Шахмат боюнча мелдештин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду: 1-орун - Асылбек уулу Бактыбек (1-курс), 2-орун - Сулайманов Чолпон (2-курс), 3-орун - Азимкул уулу Азамат (1-курс).

Бул жылкы "Декандын өтмө кубогуна" арналган спортук мелдештердин уюштуруучусу - Аксайбек уулу Адылбек (3-курстун студенти). Анын айтымында, студенттер мелдештерде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүшүп, курстар аралык достук, ынтымак бекемделди.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпара - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти