Ишемби, Январь 16, 2021

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери фольклордук практиканы Кытайда өткөрүшөт (толукталды)

alt2013-жылдын 3-сентябрында башкы имараттын кызыл залында кыргыз филологиясы факультетинин Кытайга баруучу делегациясын узатуу аземи болуп өттү. Иш-чарага 2-сентябрдан 17-сентябрга чейин кошуна мамлекеттин Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунда фольклордук практика өтүү жана маданий экскурсия жүргүзүү үчүн бара жатышкан факультеттин 12 студенти менен 2 окутуучусу катышты. КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов делегация мүчөлөрүнө ак жол каалап, чет өлкөдөгү фольклордук практика менен маданий экскурсиянын ийгиликтүү өтүшүнө тилектеш экендигин билдирди. Студенттер менен окутуучулардын бул иш сапары Кыргыз улуттук университети менен Синьцзян педагогикалык университетинин ортосунда үстүбүздөгү жылдын 4-январында түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашууда.

Иш-чарага кыргыз филологиясы факультетинин деканы профессор Бектурсун Байсабаев жана анын орун басары доцент Сайра Исаева да катышты.

Узатуу аземинин соңунда КУУнун жетекчиси сапарга аттанган студенттер менен чогуу сүрөткө түштү.

Делегация мүчөлөрү 4-сентябрь күнү Жусуп Баласагындын эстелигинин жанынан мини-автобуска түшүп, Кытайга жөнөп кетти.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Кытайга баруучу студенттердин тизмеси:

1. Абдрахманова Рахат - 3-курс

2. Муратбек кызы Салтанат - 3-курс

3. Абасбек кызы Элизат - 3-курс

4. Кубанычбеков Акбар - 4-курс

5. Султангазы кызы Айсалкын - 4-курс

6. Турдубек уулу Садырбек - 2-курс

7. Алтымыш уулу Мирлан - 2-курс

8. Кубанычбекова Мээрим - 2-курс

9. Суютбек кызы Жазгул - 2-курс

10. Муктарова Нуржанат - 2-курс

11. Жумабекова Айпери - 2-курс

12. Исаева Айпери - 2-курс

Кытайга баруучу окутуучулардын тизмеси:

1. Байсабаев Бектурсун - кыргыз филологиясы факультетинин деканы

2. Абакиров Курманбек - кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы

3. Сатыбеков Муктар - кыргыз адабияты кафедрасынын доценти.