Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарых факультетинин студенттери Президенттик стипендияга татыктуу болушту

altБелгилүү болгондой, 2013-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку баллдарды алган бүтүрүүчүлөргө Алтын сертификаттарды жана жогорку окуу жайларда мыкты окуган студенттерге Президенттик стипендияларды тапшырды. Аталган стипендияга биздин университеттин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 3-курсунун студенттери Эсенкан кызы Сымбат жана Базакечев Бектур да татыктуу болушту. Мамлекет башчысы студенттердин окууларына ийгилик, талыкпаган эмгек, бакубат жашоо каалап, аларга атайын диплом жана 3000 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

alt

alt

alt

alt

Материалды дайындаган Жумабек кызы Жыпара