Ишемби, Январь 16, 2021

КУУнун журналистика факультетинде кеп техникасын үйрөнүү боюнча окуу залы ачылды

alt2013-жылдын 24-майында КУУнун журналистика факультетинде кеп техникасын үйрөнүү боюнча окуу залынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин деканы Мехмет Күчүк Курт, белгилүү журналист Айнура Кабатай кызы, Бишкек гуманитардык университетинен, Кыргыз-Орус Славян университетинен келген меймандар, факультеттин кафедра башчылары, окутуучулары жана студенттери катышты. Окуу залынын кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов кескенден кийин, аземдин катышуучулары залдын жасалгаларын, ал жерде орнотулган техникалык каражаттар менен таанышып чыгышты. Андан ары болочок студенттер аземдин катышуучуларына кеп техникасынын кээ бир ыкмаларын көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда КУУнун ректору Искендер Исамидинов сөз сүйлөп, өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргыз телевидениесинде диктор болуп иштегендигин, ошондуктан бүгүнкү иш-чарага өтө кызыгуу менен катышып аткандыгын белгилди. Анын айтымында, заманбап журналист болуу үчүн техникалык каражаттар менен иштөөнү билүү зарыл. Ал үчүн факультетке жаңы техникалык каражаттар алынып, мындан ары да бул иш улантыла берет.

Белгилеп кетчү нерсе, аталган зал «Кеп техникасын үйрөтүү усулдарынын илимий негиздерин иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында ачылды.

Долбоордун максаты - келечектеги тележурналисттердин, окутуучулардын жана бардык эле сөз маданиятын үйрөнүүнү каалагандар үчүн кеп маданиятын үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү. Долбоордун жетекчиси - телерадиожурналистика кафедрасынын башчысы Айна Дуйшекеева, тең төрагасы - телерадиожурналистика кафедрасынын доценти Нурлангүль Тилекеева.

Долбоордун милдети - журналисттерди даярдоону жакшыртуу, адисттерди заманбап шарттарда даярдоо жана алардын кеп маданияты боюнча проблемаларын чечүү.

Бул долбоор «Радиожурналистика» жана «Тележурналистика» адистиктери боюнча даярдалып жаткан студенттердин кеп техникасын өстүрүүсүнө кеңири жол ачат.

  • Image folder specified does not exist!
  •