Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери Интернеттин коомдогу ордун талкуулашты

alt2013-жылдын 18-майында Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде 4-курс студенттеринин демилгеси менен “Интернеттин коомдогу орду” деген аталыштагы дебат болуп өттү. Иш-чаранын 1-бөлүгүндө Интернетин оң жана терс жактары талкууга алынды. Глобалдуу компьютердик тармакка студенттердин көз карашы эки тараптуу болуп, Интернетин коомдогу ролу чоң жана ошол эле учурда жашообузга терс таасирин тийгизүүдө деген ойлор айтылды. Дебатын 2-бөлүгүндө студенттер Интернеттеги маалыматтын тактыгы, социалдык тармактардын коомго болгон таасири, Кыргызстанда маалымат технологияларын колдонуунун деңгээли, өлкөбүздүн региондорунда интернетти өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Дебаттын соңунда ага активтүү катышкан Садыралы кызы Марал (1-курс), Асылбекова Жаңыл (4-курс) жана Рыскелдиев Жакшылык (3-курс) грамоталар менен сыйланышты.

Студентердин айтымында, ушундай дебаттар факультетте мындан ары да улана берип, ага катышуучулардын саны да, активдүүлүгү да арта бермекчи.

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпар - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти