Жекшемби, Январь 17, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты

alt2013-жылдын 8-майында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери Улуу Жеңиштин урматына карата Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнө барышып, ал жерде жашаган согуштун ардагерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын демилгечилери – факультеттин методисти Жумабек кызы Жыпар жана аталган факультеттин 3-курсунун студенти Кубанычбек кызы Айзада. Жолугушууга факультеттин студенттери Кубанычбек кызы Айзада, Жаныбек кызы Айдай, Артыкбеков Адилет, Акматбекова Асел, Кадырбек уулу Изат, Жанболот кызы Гулайым, Атагулова Эльвира катышты.

Факультеттин студенттери карыларга Улуу Жеңиш майрамынын урматына чакан белектерди тартуулашып, сый тамак беришти жана согуш учурундагы ыр, бийлерди аткарышып, согуштук тематикадагы адабий чыгармалардан көркөм окуп беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер карылардын жашоосу менен таанышып, алар менен аңгеме-дүкөн курушту.

Карылар үйүнүн жашоочулары КУУнун студенттерине жана окутуучуларына терең ыраазычылык билдиришип, алкыш сөздөрүн айтышты.

Жолугушуунун уюштуруучулары иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөн факультеттин баардык окутуучуларына рахмат айтышат.

Материалды даярдаган:

 Жумабек кызы Жыпара - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти Жумабек кызы Жыпар