Шейшемби, Январь 31, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда кытай тилинин фонетикасы боюнча таймаштын финалы болду

alt2013-жылдын 28-мартында КУУнун №5-окуу имаратындагы жыйындар залында Кыргыз-Кытай институнун “Кытай тили жана маданияты” жана “Котормо жана котормо таануу” кафедралары биргелешип уюштурган кытай тилинин фонетикасы боюнча таймаштын финалы болду. Бул иш-чаранын негизги максаты - студенттердин кытай тилине болгон кызыгуусун, талантын жана башка жөндөмдөрүн өркүндөтүү. Таймашка ККИнин 1-курсунда окуган студенттеринин арасынан тандалып алынган 8 мыкты студент катышты. Иш-чараны Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев жана Конфуций институнун директорунун орун басары Ма Лей мырза куттуктоо сөздөрү менен ачып беришти.

Таймаштын жеңүүчүсүн таразадай тактык менен тандап алуу үчүн Конфуций институнун кытайдан келген кытай тили мугалимдеринен турган калыстар тобу түзүлдү.

Мелдеште жеңишке ээ болуу үчүн анын катышуучулары төмөндөгүдөй 3 тапшырма аткарышты: "Кытай тилинде өзүн тааныштыруу", " Логикалык суроолорго жооп берүү" жана "Үй тапшырма" (ыр же бий).

Калыстар тобунун чечими менен баш байге Кыргыз-Кытай институтунун МПР-1-12 тайпасынын студенти Болот кызы Мээримге ыйгарылып, Конфуций институнун директорунун орун басары Ма Лэй мырза ага Синьцзянь педагогикалык университетинин жайкы каникулдук окуу программасына жолдомону тапшырды. Ал эми 2-орунду ПП-1-12 тайпасынын студенти Люшсан Ахмед, 3-орунду МПР-1-13 тайпасынын студенти Байышбек кызы Гүлзат ээлешти.

Таймашка "Кут билим" гезитинин редакциясынын журналисттери, ККИнин ата-энелер комитетинин өкүлдөрү жана институттун профессордук-окутуучулар жамааты сый коноктор катары катышышты.

Иш-чаранын конокторунун пикиринде таймаш жогорку деңгээлде өтүп, анын катышуучулары кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүргөндүктөрүн, ошондой эле алган билимдерин таланттарына айкаштыра алышаарын далилдеп беришти.

Байгелер өз ээлерине ыйгарылган соң, таймаштын сый коноктору анын катышуучуларына өз каалоо-тилектерин жана мелдешти уюштурган кафедралардын окутуучуларына ыраазычылыктарын айтышты.