Четверг, Декабря 12, 2019

Т.Жыргалбеков: "Президенттин жол картасы жана Кыргызстандын туризми"

altЖ.Баласыгын атындагы Кыргыз улуттук университеттин

80 жылдык юбилейине карата.

Турду Жыргалбекович Жыргалбеков

т.и.д., "География жана экологиялык туризм" кафедрасынын профессору

 

Президенттин жол картасы жана Кыргызстандын туризми

Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университет мурдагы Кыргызстан мамлекеттик Педогогика Институнун базасында уюшулган. Бул ошол мезгилдеги Кыргыз кадырларын даярдоодо бирден –бир жогорку окуу жай катарында чоң роль ойногон.Анда иштеген профессорлор. Илимдин докторлору, аккдемиктер айрыкча Б.Жамгырчиев, Б.Жунусалиев, К.Оторбаев, И.А. Батманов, П.К.Юдахин, К Сартбаев, А.Нарынбаев,Б.Кулдашев, И. Жакпов, С.Табышалиев жанабашка илимдин корифейлери булл Университеттин түбүн түптөгөн.

Бүгүнкү күнү, ушул юбилейлик жылга бул Университетти профессор педогогика илимдеринин докторуКыргызстандын көрүнүктүү окумуштуусу Искендер Чоңмурунович Исамидинов ректор болуп иштеп жатат. Ал ушул университетти 17жыл башкарган, академик Салмоорбек Табышалиевтен жолдомо алып, Университетти бүтөрү менен анда иштөөгө калган. Андан бери 45 жылдан ашык убакыт өттү.Проректор, биринчи проректорлук милдеттерди аткарды

Өткөн мезгилдерде Улуттук Университет дагы татаал абалга туш келди.Өзү уюшулган 80 жылдын ичинде имараттар эскирди, электр, полдор. Имараттардын үстүлөрү жыртылды, айрыкча кийинки убакта өкмөт 2 жылда бирден ректорлорду алмаштырып турду. Сөзсүз бл окуу тарбия иштеринде материалдык базаны сактоодо чоң зыян келтирди. Мурдагы иштеп кеткен улуу муундардын мезгилинде жасалган 14 имарат башкамалардын талап кетишине туш болду.

Мына ушуларды калыбына келтирүү, бул жооптуу жылда ректор аткарууга тура келди. Ал алдыга университетти өнүктүрүү боюнча чоң программасын даярдап Кытай,Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп,жаңы мамилелерди келишимдерге кол коюп, инвистиция таап жаңы окуу корпустарын, студенттерге жатакана, мугалим профессордук составга жеңилдетилген насыя берүүнүн натыйжасында турак жай куру. Ысык-Көлдөгү эскирип жыртылган понсионаттарды жана башкаларды калыбына келтирүү боюнча иштеп жатат.

Университеттин юбилейине байланыштуу улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызатто,ынтымак, достук, бир туугандык , бири-бирине жакшылык жасоо, боорукерлик процесстери башталып, жаңы багытка президент А.Атамбаевдин Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү жол картасын жетекчиликке алууда.

Ректор өзү чоң илимпоз , өмүр бою университете эмгектенди, жөнөкөй адамга жакын, эмгекчил, реформатор,дипломат.

Ал эми Университеттин география, экология жана туризм факультетинде декан география илимдеринин кондидаты, доцент Ы.А.Токторованын жетекчилиги астында юбилейлик жылда, жаңылануу окуцу тарбия иштеринде сапатты камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери күчөтүлүп факультеттин материалдык техника базасын жакшыртуу боюнча Университеттин студенттери үчүн окуу китерптерин чыгаруу. Университетти эң жакшы деген баалар менен аяктаган студенттерди анда иштөөгө калтыруу, жөндөмдүү жаштарды илимий иштерге тартып мугалимдик кызматка көтөрүү, факультетке тартипти чыңдоо, ынтымак,биримдик, бирин-бири сыйлоо багыттарында зор иштерди жүргүзүп жатат.

*****

Кыргыз туризминин тарыхы жарым кылымдан ашып кетти. Ал экономиканын приоритеттүү тармагына айланды. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө, аны дүйнөдөгү 160тан ашык өлкө тааныды, 80ден ашык мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле түздү, 40ка жакын өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу элчилери иштеп жатат. Кыргызстан Бүткүл Дүйнөлүк Туристик уюмга мүчө, 60тан ашык өлкө менен туристтерди алмашуу боюнча келишим түзүлгөн. Эл аралык валюта фондусу баштаган бир нече уюмдар менен республиканын экономикасынын өнүгүшүнө, социалдык жактан тейлөөнүн жакшырышына салымын кошуп жатат. Республикада Эл аралык туризм боюнча з симпозиюм өткөрүлдү, Манас эпосунун 1000 жылдыгы баштаган эл аралык бир нече иш чаралар өткөрүлдү, дүйнөлүк масштабда даңазаланды.

Эл аралык туризмдин инфроструктуралары пайда болуп, бүгүнкү күнү туристтик- рекреациялык субъектилердин саны 43.300 ашып кетти.

Бир нече окуу жайларында, лицей, коледждерде туризм сферасынан кадрлары даярдалып туризм илими өнүгүп, фундамнталдуу илимий эмгектер басылып чыгып, туризмолог илимпоздордун саны өсүүдө.

Бакиев баласы менен нормалдуу иштеп жаткан мамлекеттик агенствону жоюп, ар кайда таратып, 60 кызматкердин ордуна 6кызматкерди калтырып, бүтүндөй экономикалык бир тармакты жетим калтырды. Бул 2009 жылдын ноябрь айы эле.

Бирок өлкөдөгү мекенчил, экономиканы түшүнгөн инсандар кату тоскоолдуктарга карабастан, тайманбастан системаны түп тамырынан бери оңдоонун долбоорлорун көтөрүп чыгышты. Мисалы: экс-министр Эмиль Сатарович Үмөталиев дүйнөдөгү 44 өлкөгө визасы жок режимди киргизүү маселеси кабыргасынан койду эле Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева колдоп чыкты.

Бул маселени министр болуп жүргөндөөзү башкарган Алмазбек Шаршенович Атамбаев өкмөт, Жогорку Кеңеш менен бирдикте терең карап Кыргыз туризмин түп- тамырынан бери өзгөртүү боюнча чечим кабыл алышты.

Биринчиден маданият жана туризм боюнча депортамент түзүлүп, ага республиканын туризмнин 2020 жылга чейин өнүктүрүү боюнча Конститутцияны даярдоону тапшырышты. Ага ылайык дүйнөдөгү өнүккөн өлүөлөр: Россия Федерациясы, Кытай Элдик Республикасы, Казакстан, Монголия,Япония,Түштүк Корея, Кыргызстан биргелешип иштеп кетүүчү эл аралык туристтердин санын жылыга 2,5млн. жеткирүү, тоолорду өздөштүрүү, дүйнөдөгү 44 өлкө үчүн визасы жок режимди киргизүү, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан темир жолун куру, Тамчыдагы аэропорттун курулушун аягына чыгаруу сыяктуу чоң программалар ишке ашырылмакчы.

Инвестиция

Бул дүйнө жүзүндөгү сыналган жол. Кырыгызстанадгы ушул жолго түштү. Президент өзүнүн «Кыргыз туусу» газетасынын 2012- жылдын 11-декабрындагы жарыяланган «Жол картасында» бүгүнжаңы жолго кадам жасап жатабыз»- деп айтты. Экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн бизге саясий туруктуулук жана ишке жөндөмдүү мамлекеттик башкаруу системасы керек.

Кыргызстан өз алдынчалыкка ээ болу менен дүйнөдүгү өнүккөн өлкөлөр менен экономикалык байлаыштарды жасай баштады. Туризм тармагын эле алсак алгачкы мезгилде өлкөдөгү 1994 жылы өткөрүлгөн эл аралык симпозюмда Италиянын «Ковиталь» компаниясы менен мурдагы «Кыргызстан мейманканасын» эл аралык стандартка айландыруу боюнча келишимге жетишсе, кийин америкалыктарды да кошуп, азыркы «Хаят» 5 жылдыздуу отели инвестиция жолу менен пайда болду.

Ошондой эле жол менен борбордогу «Ак-Кеме», «Достук» отелдери курулду.

Кылымдардан бери Кыргызстанды дүйнөнүөнүн көп региондору менен байланыштырган жибек жолундагы «Ош-Бишкек» жолу бир нече мамлекеттердин инвестициясы менен ишке ашып отурат. Эркечтам-Сары –Таш- Ош жолу жөнүндө дагы ошентип айтса болот. Бүткүл дүйнө жүзүнө дарбаза болгон «Манас» аэропорту жылуу жүрөктү кубанта турган сөздөрдү айсак болот. Бул тизмени дагы улантсак болоор эле, бирок анын кажети жок.

Ошол эле «Жол картасында» президент: Биз жакшы жашагыбыз елсе, инвесторлорду жаман көзүбүз менен караганды токтотолу. Өз милдеттемелерин аткарган, мыйзамды туу тутка инвесторду чындап коргоону мамлекеттик саясаттын приоритети катары коелу».

Алдыбызда ишке ашырыла турган канча долбоорлор турат. Кыргызстанга нефти продуктуларын өндүрүүчү, газ берүүчү, электр жарыгын тез арада берип, элибизди электр кубаты, газ, нефти боюнча көз карандысыздыкка чыгара турган албан-албан программалар башталганы турат жана жакшы темп менен иштеп жатышат. Ошонун баарын туризм тармагын өндүрүүгө да багытталган. Кыргызстандын ар бир жараны булл улуттук программанын ишке өз убагында ашышы үчүн күрөш жүргүзүшүбүз керек.

Интеграция

Эл аралык туристтик керектөөчүлүк көп сандаган экономикалык процесстерге кызыкчылык туудуруп. Туристтик эмес тармактардын продукциялары үчүн кошумча жаңы рынокторду ачып, өндүрүштүн өсүшү үчүн шарттарды түзөт, натыйжада жаңы техниканы пайдалануу, жаңы жумушчуларды ишке тартуу жүзөгө ашырылат.

Туризмдин натыйжасында көптөгөн туристтик эмес тармактардын интеграциясына мисал катары Италиялык ири компанияларды көрсөтүүгө болот. Текстиль өнөр жайында «Джоли», тамак аш –«Мотто» жана «Повези». Тамак-аш , курулуш,Жыгач иштеп чыгаруучу, машина куруучу, электротехникалык, автомобиль куруучу жана башка өнөр жай тармактары эл аралык туризм менен байланыштуу. Ири чекене сода фирмалары «Мигро» «Неккерман» эл аралык туризмдин өнүгүшүнө активдүү катышат. Ошону менен бирге ага кошумча коноктордун контингенттин түзүүгө жардам берет.

Эл аралык туризмдеги тармактарды өстүрүүнүн айкын мисалын Францияда көрсө болот. Анда 10 министирлик туристтик индустрияны өстүрүүгө өздөрүнүн бюджеттеринен каражат бөлүшөт.

Эл аралык туризм Европада жаңы тармактын пайда болушуна алып келди. Тоо лыжасынын инвентарынын жана жабдууларын өндүрүү (тоо лыжасынан баштап миханикалык көтөргүчүкө чийин, лифти, асма жол). Бул процесске активдүү түрдө Австралия, Италия, Германия, Улуу Британия киришишти.

Биздин Кыргызстанда ушул өнүккөн өлкөлөрдүн үлгүсүндө көп министерстволор, ведомстволор менен Жогорку окуу жайлар менен интеграциялык процесстерди баштап ноу хауларды ишке киргизсек болот. Кептин бары Кыргызстандын маданий жана туризм министерствосу анын департаментинин республикадагы белгилүү алдыңкы фирмалар мене ниш иш алып баруусунда.

Тоолорду өздөштүрүү.

Кыргызстан тоолуу өлкө. Анын аймагынын 94% тоо. Биздин тоолор дүйнөдөгү көп тоолордон айырмаланып жалпак келип, еөп региондордо кар ноябрь айынан тартып апрель айларына чейин жатат. Кардын касиети да башка коңшу мамлекеттердин карынан өзгөчө айырмаланып турат.

Демек анны өздөштүрүп, өлкөнүн экономикасына салым кошсо болот. Бул иш бир топ жылдардан бери башталган. Азыркы мезгилде өлкөлөрдө борбор шаарыбыздын айланасында «Чоң Таш», «Кашка-Суу», «Оруу-сай», «Норус» сыяктуу тоо лыжа базалары элибизге белгилүү. Аларда электр кубаттары пайдаланылып эс алуучулар кар калың баскан эңкейиш жантайма тоолорго көтөрүлүп барып, кайра лыжа менен зуулдап түшүшөт.

Бирок андагы инфраструктуралар эл аралык стандартка толук жооп бербейт. Республика боюнча андай база жана борборчолордун саны 20 га жакындап калды.Булар келечектеги чоң иштин башталышы болуп эсептелет. Де малыш күндөрүндө лыжаларды үстүнө байлаган жаркылдаган чет элдик машиналардын борбордон чыга бериш багытындагы лыжаларды пракатка алуучу жайларга токтоп чубап бара жатышы көзүңдү кубантат.

Президенттин жол картасында мына ушул маселенин чагылдырылганын да элибиз ыраазычылык менен кабыл алып жатышат. Чындыгында булл жакшылыктын жышаанасы! Атаганат элибиз биримдикте, ынтымакта тынчтыта болуп, жаштарга таасири тие турган иштерди жасап турушса эле болбодубу дейсиң.

Бирок, мурдагы программалар, концепциялардагы иштер аткарылбайт, тообуз жакшы өздөштүрүлбөй, тоо лыжа базасында иштөөчү адистер өз убагында даярдалбай, иштей баштаган базалардын тейлөө баалар, лыжаны прокатка берүү баалары өтө эле кымбат экендигин көрүп, бул байлар гана үчүн жазалган иш турбайбы деген ойго келесиң.

Андай болбош керек. Президенттин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясы улуттук кеңеш тарабынан бекитилди. Ошондуктан анын аткарылышы кату көзөмөлгө алынат.

Өлкөбүздө дүйнөдөгү көп мамлекеттерден айырмаланып, «Жеңиш» чокусу 7439метр, «Ленин» чокусу 7137метр, «Кан -Тоо» (Кан-Теңир)- 6995метр. Булар республикада тоо туризмин, альпинизмди өнүктүрүүдө дүйнөлүк мааниге ээ.

Республикалык маанидеги «Тянь- Шань», «Ала-Арча», «Лейлек», «Дружба», «Ала-Тоо», «Алай» жана Эл аралык масштабдагы «Памир» альплагерлери жылына 2000 альпинисти кабыл алууга жарамдуу. Бирок алардын кубаттулугу жеткиликтүү пайдаланылбай келүүдө.

Мына булардын бары Жол картасына байланыштуу инвестиция тартуу,донорлорду пайдалануу аркылуу аракетке келүүгө тийиш.

«Транспорттук туңгуюктуктан транзиттик өлкөгө»

Президенттибиздин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына туризм чөйрөсүнүн кеңири кириши республиканын туризм коомчулугун чоң кубанычка бөлөдү.

Көп жылдан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келе жаткан. Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан темир жолунун курулушу Жогорку деңгээлде сүйлөшүлүп, келишимдерге жетишилиши, анын курулушунун тездетилип жатышы, анны курууда. «Кыргыз туусунун» 4-май 2012 жылдагы санына жарыяланган коомчулуктун пикирлеринин эске алынып жатышы, анны менен катар автомобиль магистралынын курулушу баарынан мурда өз элибиздин түндүгү менен түштүгүнүн тыкыз байланышын гана күчөтмөк турсун, дүйнөгө чыга турган туристтик артерия болоорлугуна шеек жок.

Ал жолдун пайдалуу кендерге барышы экономикалык жактан чоң пайда алып келээрин, көп жумушчу орундар менен камсыз кылаары элибиздин калың катмарын ыраазы кылып, терең колдоого ээ болуп жаткандыгы өтө кубанычтуу. Себеби ал кылымдардан бери ишке ашпай келе жаткан элибиздин жүрөгүндөгү тарыхый окуя, маселе.

«Кыргызстанды өнүктүрүүнүн» «Жол картасы» өлкөнү «транспорттук тунгуюктан» алып чыгуу жана өлкөнү «транзиттик» өлкөлөрдүн катарына кошу боюнча ачык –айкын инфроструктуралык иш чараларды камтыйт эл аралык класстагы пландаштырылып жаткан темир жолдорду жана автомобиль жолдорун салу региондордун экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет, пайдалуу кендер чыккан жерлерге жеткиликтүүлүк маселесин чечет.

Мына ушундай баардыгы калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана анын экономикалык абалын жакшыртууга алып келет» - деп жазылган президенттин улуттук прагаммасында.

Тунгуюктан чыгып транзиттик өлкөгө айлануунун дагы бир мисалы болуп, Кытай Элдик Республикасынын инвестициясы менен курулуп жаткан Торугарт- Нарын-Бишкек авто жолу болуп саналат.Нормадан ашык жүк ташуучу машиналар жолдорду талкалап, жол боюндагы айылдарга көп айылдардын инфраструктурасына зор зыян келтирип жаткандыгын ким билбейт.

Республиканын түштүгүндөгү «Исфана-Сүлүктү- Ош жолу» азыркы өкүм сүрүп жаткан кыйынчылыктардан алып чыгуу гана эмес элибизди, эл аралык туристтерди ташууда кошуна өлкөлөр менен достук, бир туугандык байланыштарды бекемдөөдө өз салымын кошот.

Мына ошондуктан президентибиздин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (2012-жылдын 11-декабрындагы «Кыргыз туусуна» жарыяланган) «2013-2017- жылдары мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин маанилүү багыты Кыргызстанда Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп калат» -деп көрсөтүлгөн.

Регионду өнүктүрүү

Ааламга жол айылдан башталат. Элибиздин көбү, жерибиздин кол тийбеген таза кооз аймактары, тризмди өүктүрүүчү, ири эс алуу борборлорунун орду,кол өнөрчүлүк, улутубуздун бүткүл этнографиясы, каада-салты, үрп-адаты, луттук ойундары, таланты, кылымдардан бери келе жаткан тарыхый эстеликтери ж.б бары региондордо.

Президенттин «Жол картасында» « региондук ири туризм жана эс алуу борборунун статусн алышы Кыргызстанды өнүктүрүүнүн приоритетинин бири болуп саналат. Кыргызстан Борбордук Азияда өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун аятчасы болушу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар» - деп белгиленген.

Абдан тура айтылган берилген ба ажана сунуштар элибиз тарабынан колдоого алынаары түшүнүктүү. Бирок нфраструктуралар жок, инвестиция жок, уюштура турган демилгечилер көрүнбөйт, маданият үйлөрү, клубдар, китепканалар бош, пайдаланылбайт, жаштар кетип калган, кетип жатат, адистер дагы. Туристтик жайлардын абалы адам чыдагыс – бири менчиктештирилген, бири жабылган, бирине барууга жол жок, себеби анны ойлогон жетекчи жок. Көбү таланып тонолгон, баягы бюролор, фирмалар ж.б. уюмдар тараган.

Мунун эң башкы себеби Союз кулагандан кийин республиканын туризмди башкаруу структурасы он бир жолу өзгөрдү. Ал иш менен эмес, өзүнүн башкаруу системасын кайра куру менен алек болду. Уюшулган көп уюмдар өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илгиси келди. Акырында 2009-жылдын ноябрнда туризм боюнча мамлекеттик агенствону башкарып турганда иш жакшырган. Ошол структураны калыбына келтирүү максатка ылайыктуу болоор эле, көп сандаган туристик уюмдар демократиялык багытта тейлеп, жардам берип жаңы бүгүнкү күндүн талабына жооп берген долбоорлорду түзүп ар бир областардын болборлордо туризм өнүгө турган район, шаарчаларда, айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, борборлорду түзүп, мектептерде, клубдарда, маданий үйлөрүндө, китепканаларда иш алып барып, рекламаны жолго коюп, интернет сайттарды уюштуруп, Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартып ярмаркаларды уюштурууда мамлекет колдоо көрсөтүп, өкмөттө парламетте булл маселени олуттуу түрдө карабаса жарым кылымдан ашык туризмдин тарыхы кагаз бетинде калат.

Президенттин «Жол картасы» азыр туризмге чоң жол ачты. Анын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынышы керек. Ансыз ал да кагаз бетинде калат. Туризмге анны кайра бутуна койууга конкреттүү жетекчилик, колдоо керек. Президент «Жол картасына» туризм тармагын өнүктүрүү маселесин киргизип өзүнө чоң жоопкерчиликти алды. Эми анны аягына чыгаруу үчүн система, структура ,туризмдин концепциясы, маркетингин иштеп чыгаруу зарыл. Туризмди артка тартып жүргөн глобалдуу маселелердин негизгилерм чечилип калды, бирок алдыда жогорудагыдай олуттуу маселелер турат. Туризмде да пландуу экономика, өркүндөтүлгөн банк системасы, чоң инвестиция керек, интеграция бүткүл дүйнө жүзүндө жүрүп жатат, Кыргызстан аларды үйрөнсө эки тарапка тең пайдалуу болот.

Бир нече окуу жайларында туризм кадрлары даярдалып жатат. Бирок алар 2-3 чет тилин билбегендиги үчүн ал сферада иштей албай ар кайда жүрүшөт. Эгерде башкаруу системасы иштесе алар менен да иштөөгө болот эле. Кийинки жылдарда Кыргызстандын туризми боюнча илимий эмгектер жакталып, фундаменталдуу эмгектер пайда болууда, студенттер 5 жылдыздуу отелдерде, чет өлкөдө стажировкада болуп, компьютердик технологияны, интернет сайттарды өздөштүрүүдө. Бирок ал эмгектер студенттерден башкаларга жетпей жатат.

20.01. 13