Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окутуучусу Жумалиева Сайкал - тарых илимдеринин кандидаты

altТарых жана чөлкөм таануу факультетинин булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын окутуучусу Жумалиева Сайкал Чубаковна 2012-жылдын июнь айында Кыргыз улуттук илимдер академиясында “Кыргызстандагы улуттук-маданий борборлордун түзүлүшү жана ишмердүүлүгү” аттуу илимий диссертациясын ийгиликтүү жактап, жыл аягында “тарых илимдеринин кандидаты” деген илимий даражаны тастыктаган дипломун алды. Факультеттин эмгек жамааты Жумалиева Сайкал Чубаковнаны жетишкен ийгилектери менен чын жүрөктөн куттуктап, ага бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, таалай каалап, илимий иштеринде албан-албан чыгармачыл ийгиликтер боло беришине тилектеш.

alt

alt

 

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпара - булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын улук лаборанты.