Бейшемби, Январь 28, 2021

КУУнун студенти Мамбетова Мээрим википедиячылардын Вашингтондо өткөн конференциясына катышып келди

КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун компьютердик технологиялар жана интернет факультетинин студенти Мамбетова Мээрим 2011-2012 окуу жылында "Сорос-Кыргызстан" фонду жана Wikipedia Foundation уюму тарабынан уюштурулган "Кыргызстанда Википедияны жайылтуу" конкурсунда ага катышкан студенттердин арасынан биринчиликти алып, 2012-жылдын 13-июлунда АКШнын Вашингтон шаарында өткөн википедиячылардын дүйнөлүк конференциясына катышып келди. Белгилеп кетчү нерсе, Мээрим Америкага тарых жана чөлкөм таануу факультетинин булак таануу жана тарыхый информатика кафедрасынын жетекчилеи тарабынан табылган демөөрчүлөрдүн жардамы менен барып келди.

alt

alt

alt