Ишемби, Январь 16, 2021

Кыргыз филологиясы факультетинде “Бири - шакирт, бири - устат” аттуу жаңы жылдык ыр-сынак өткөрүлдү

alt2012-жылдын 25-декабрында №5-окуу имаратынын жыйындар залында Кыргыз филологиясы факультети тарабынан “Бири - шакирт, бири - устат” аттуу жаңы жылдык ыр-сынак өткөрүлдү. Иш чараны факультеттин деканы, профессор Бектурсун Байсабаев ачып, салтанаттын катышуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады жана жыл жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылган кураторлорго, окутуучуларга жана студенттерге тиешелүү дипломдорду тапшырды. Жыйындын расмий бөлүгүнөн кийин, күттүргөн сынак башталып, ага 10 мугалим, 10 студент катышты. Алар кыргыз элинин таанымал ырларын эки-экиден дуэт болуп ырдашып, сынактын башкы байгесин утуп алууга ат салышты.

Салтанаттын тыныгуу учурларында студенттер тарабынан даярдалган оюндар көрсөтүлдү. Калыстар тобу да ыр-сынактын катышуучуларына өзгөчө дыкаттык менен баа беришип, жеңүүчүлөрдү, о.э. ырды жакшы аткаргандарды, жакшы артисттик өнөр көрсөткөндөрдү ж.б.у.с. аныктап, аларга тиешелүү дипломдорду беришти.