Среда, Августа 21, 2019

С.Жорупбеков: "Кыргыз дүйнөтаанымынын системалуулугу жана анын белгиси"

alt

 

Сатылган  Жорупбеков

 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Евразия инновациялык технологиялар факультетинин доценти

 

 

Кыргыз дүйнөтаанымынын системалуулугу жана анын белгиси

Элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka_1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп «Теңирчилик» деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн. Мындай тааным адабиятта айтылган Адам-атага берилген илим-билимден жаралган. Ал кыргыздын макал-лакаптарында камтылган, салт болуп жашаган, Санжыра санаттары болуп тукумдан-тукумга эл арасында ооз-эки айтылып, мурасталып келген. Ал кийин Конфуцийдин кытай шартына ылайыкташтырган эрежелеринде да камтылган. Ал эми биздин азыркы таануубуз системалуу эмес чала тааным. «Вскрылась ложность картины мира, на которой мы выросли сами и растим своих детей. И в этом одна из главных причин наших бед и кризисов» - дейт В. Тростников (ст. Научна ли «научная картина мира»).

Теңирчилик таанымы боюнча              

« Дүйнө Жоктон Бар болуп,

Туула берет турбайбы.

Кайра Бар да Жок болуп,

Кубула берет турбайбы

деген айтылышты, азыркы илим «туура эмес» деп тана албайт. Мындай чыныгы ой математиканын тилинде 0 = (+¥ ) + (-¥ ) (же 0 = (+n ) + (-n )) деп берилет. Аны солдон оңго окуганда Жоктон (0) Бар ((+¥ ) + (-¥ )) жаралаары, оңдон солго окуганда Бар да Жок болоору айтылган. Бардүйнө чексиз сандагы эки карама-каршылыктардан куралган.

Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз  кубат (энергия)-билим (знания) талаасы(кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр – кыргызча Жок) менен заттардын(кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн – кыргызча Бардын) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара айланышкан дүйнөсүндө эле жашап жатабыз. Ушул эки дүйнөнү (Бар жана Жок дүйнөнү) тең бир бүтүндөй камтып система түрүндө карап, толук чыныгы (б.а. системалуу) билүүлөрдү камсыз кылбагандыктан биздин азыркы илим-билимибиз чала келип,  чыныгы системалуу илим-билим эмес болуп гана эсептелет.

Кыргыздын системалуу таанымы боюнча, мындай Бар дүйнөдөырыска бай бейпилдүү тиричиликте жашаш үчүн ынтымак керек, ынтымакта болуу үчүн адилеттүүлүк талап кылынат, адилеттүүлүктү камсыз кылыш үчүн акылмандуулук зарыл, акылмандуулукка жетиш үчүн туура дүйнөтаанымга келүү керек, ал эми ага келиш үчүн объективдүү аң-сезимдин ээси Жараткан экендигин таануу зарылдуу. Объективдүү аң-сезим бар, себеби анын негизинде Аалам, табият жана жан-жаныбарлар жаратылууда. Ал эми субъективдүү аң-сезим менен ушундай чөйрөдөцивилизация курулууда. Субъективдүү аң-сезим ээсиз болбогондой объективдүү аң-сезим дагы ээсиз болбойт. Эгерде жаран субъективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси болсо, объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси ким? Ал Жараткан “Теңир” деп келген кыргыз.

Объективдүү аң-сезим (жалпылап айтканда, Көк асман) баардыгынын башаты! Ал түбөлүктүү! Мындай түбөлүктүү фондо жаран жаралат, өсөт, ишмерденет, өлөт. Мындай фондо Бар дүйнө да жаралат кайра Жок да болот. («Чоң жарылуу» физикалык илимий азыркы теория боюнча да ушундай). Дүйнө - бул Жок-Бардын чексиз кайталанмасы.

“Для современной науки нет системы координат для изучения сознания. Для науки сознание остается “интеллектуальной черной дырой”” (www.sunhome.ru).«Если существования сознания нельзя вывести из физических законов, то такая физическая теория не является по настоящему всеобъемлющей. Потому окончательная теория должна содержать дополнительный компонент. В связи с этим предлагается считать сознание фундаментальным явлением, несводимым к чему-то более элементарному. Необходимо включить сознание в новую научную картину мира» дейт америкалык окумуштуу Чапмерс (www.sunhome.ru).

Көпчүлүк  элдерде  адамзаттын  ата-энеси «Адам-Ева» деген түшүнүк бар. Анда дүйнө элдеринин тилдеринде Адам менен Ева ысымдарынын семантикасын жана дагы «кишимин деп мактанба, адам болдум деп мактан» деген кыргыз макалынын башка тилдерде которулушун салыштыралы. Ошондо ысымдардын маани-маңызынын тереңдиги кайсы тилде жакшы так түшүндүрүлсө, алар ошол тилде берилген болушат да. Бул талашсыз го. Себеби, мындай бүтүм «маанисиз аталыш илимде да, табигый тилде да болбойт» - деген талашсыз чындыкка негизделет! Адам менен Еванын кайсы улуттан (же тилдеги ысымдар) экендигин такташ үчүн башкача илимий жол жок экендиги талашсыз. Муну бир гана ушундайча логикалык жол менен далилдесе болот. Ошондо, аталыштын маани-маңызынын тереңдиги жана кеңдиги жагынан кыргыз эле утушта болооруна мен ишенем.   Анда эмесе кыргызча жорулушун келтирээли.

Юдахиндин сөздүгүндө "Адам"  араб тилиники делет. Кыргыз түпкү атабызга "Адам" деген ат берилишинин себебин,  тукумдары Адамдай жана адамгерчиликтүү болсун деген маани менен байланыштырышкан. Ошондуктан, көпчүлүгүбүз киши болуп жүргөнүбүз үчүн аксакалдардын "Ой, адам болсоңчу!" же “качан адам болосуң?” - деген акыл-насааты айтылат. «Кишимин деп мактанба, адам болдум деп мактан» - дейт ага кыргыз макалы. Себеби, «Адам атанын тукумдары жерде Адамдай болуп, адамгерчиликтүү тиричиликти гана куруш керек экендиги» кыргыздын алгачкы системалуу билимдигинин негизинде жаралган бүтүм. Мындай бүтүм - илимий бүтүм. Себеби, чындыгында эле, адам болуу менен адамгерчиликте тиричиликтенүү (б.а. табият менен шайкештикте,  экологиялуу тиричиликтенүү)  гана келечектүү азыркы илимий түшүнүктөр боюнча да. Тиричиликте дагы анын «кишичиликтүү тиричилик» деген түрү болушу мүмкүн. Минтип атоого кыргыз гана тили жана анын системалуу билимдигинен жаралган маданияттыгы эле мүмкүнчүлүк берет. Киши болуу менен кишичиликтүү тиричиликти жүргүзүү Жараткан аркалуу адам баласына берилген касиеттердин кесепеттери экендигин кыргыз санжырасы далилдеп келет. Анткени, кыргыз санжыра санатында теңдердин биримдиги болгон Бар дүйнөдө адам жана анын тукумдарына «адил жүрөөр бекен деп?, амал, өнөр, дил берилген» - деп айтылат эмеспи. Демек, адам баласын мындай касиеттерге ээ кылып жатып, Жараткан күмөн санаган кыргыз санжырасы боюнча. Себеби, дилин укпай, акыл-оюна келгендин баардыгын эле өнөрчүлүк менен өзүнүн тиричилигинде ишке ашыра берүү амалдары жаман кесепеттерге алып келээри чындык экендиги кыргыз үчүн Теңирчиликтен чыккан жыйынтык болгон жана аны азыркы тажрыйба да далилдөөдө. Азыр биз ушундайча жашоо идеологиясынын кесепетинен жаралган глобалдык проблемаларга маани бербей, аларды чечиштин камын көрбөй өзүмчүлдүк, күнүмдүк коньюнктуралык тиричиликке кубанып эле жүрбөйбүзбү. Ал эми киши болуу менен кишичиликтүү тиричиликтенүү келечеги жок тиричилик. Кыргыз үчүн ал Акыр заманга алып келүүчү тиричилик. Ал эми өз убагында  акыл-эсине келе албагандарды туурараак акыл-эске келтириш үчүн Жараткан Бар дүйнөнү жаратканда глобалдык катастрофалардын жер жүзүндө кайталанып турушун анын өнүгүү программасына жазып койгону ошондон эмеспи. Муну дагы тарыхый малымааттар, эски тексттер далилдешет. 

Кыргыздын “Аалам көркү - адам” деген макалында терең ой бар.  Аны «адам- көзгө көрүнбөгөн Ааламдын бай мүмкүнчүлүктөрүнүн ажайын ачып көзгө көрүнгөндөй көрсөткөн элеси» деп түшүнүш керек. Анда окшоштуктун принциби боюнча, адамга кандай касиеттер таандык болсо, Ааламга да ошондой касиеттер таандык дегендикке келебиз. Адамдын жаны, акыл-эси, аң-сезими, жадысы, эрки бар, көрө, уга, сезе алат. Демек, Ааламдын да ушундай касиеттери бар десек болот. Системалуу илим-билимдикке ээ болгон кыргыз өзүнүн жогорудай кыскача айтылган ою менен фундаменталдуу чындыкты бизге нускалап кеткен. Муну дагы жана объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси Жараткандын бар экендигин индус Сатья Саи Бабанын өмүрү далилдейт (www.satyasai.org, www.SathyaSai.ru жана Э. Мюррей. Человек, творящий чудеса. 1990).

Кыргыздын системалуу илим-билими болсо «ач көздүк Акыр замандын келишин тездетээр экенин», «Адам бузулса – Аалам бузулаарын» - эскертет. Адамдынкиши болуп бузулганы анын оюнун бузулганы. Ой – бул Ааламдын баардык жерине жете алган кубат (энергия). Ошондуктан, ой бузулганда жарандын клеткасындагы суюктуктардын молекулары, атомдору, ошондой эле Ааламдагылар да бузулат («Великая тайна воды»-телефильм же Исследования института проф. Горяева).

Адам Атанын жолдошу Обо - Эне деп кыргызда айтылат. Азыркы илимий  көз  караш  боюнча  баардыгын  жараткан   кубат-билим талаанын кыргызча бир аталышы да Обо (Аба, көк Асман). «Чоң жарылуу» илимий теориянын бүтүмү боюнча Обо жарылып тирүү жан-жаныбарларды камтыган Бар дүйнө жаралган. В. Канке өзүнүн китебинде (Философия. М. 1997) минтип жазат: “природа такова, что она обладает возможностью порождения человека. Человек рождается “из природы”, на это указывает хотя бы процесс деторождения”. Тирүү баланы төрөп жарата алган биринчи эненин кыргызча аты дагы – Обо болуп жатат. Эмне үчүн? Себеби, кыргызга аял Абага, көк Асманга окшоп, «көз жарып» тирүү жаранды жаратат. Ошентип, аялга берилген кыргызча ысым окшоштуктун принципи колдонулуп илимий чындыкка негизделип берилген ысым болбойбу. Ал эми убагында Обо-Аба-Ава-Ева эле болуп өзгөрүлгөнүн М. Аджи өзүнүн изилдөөсү менен да ырастадоо (www.adji.ru).

Объективдүү билим - системалуу гана билим, ошондуктан кыргыз тили системалуу билимдин тили – эки дүйнөнү: кыргызча Бар жана Жок дүйнөнү тең бир система катарында карап баяндаган тил деймин. Кыргыз тилинде кош сөздөрдүн көп колдонулушу жана кыргызда гана “киши-адам” терминдердин болушу кыргыздын өзүнүн системалуу дүйнөтаанымынын негизинде баардыгына системалуу мамиле кылгандыгынын белгиси. Жаран жашаган чөйрө - татаал система. Кыргызчылык боюнча, анын андагы жашоосу системалуу мамиледе болгондо гана келечектүү. Бирок, азыркы тиричиликте мындай ойго маани берилбегендик адашкандыктын белгиси, баардыгы системалуу эмес илим-билимдик менен жетектенгендиктин белгиси.

Чындыгында, азыркы билим берүү системасы келечектеги адиске чыныгы системалуу билимдикти камсыздабайт. «Система познания современной науки несовершенна, т.к. нечувствительна к более тонким высокоэнергетическим уровням Бытия, Космоса, имеющим отношение к сакральному, нравственно-духовному и художественно-эстетическим аспектам жизнедеятельности человека и общества. К сожалению эти уровни Бытия наукой пока не признаются как будто их нет. Они не представлены в цельном, взаимосвязанном виде ни в мировоззренческой системе, ни в системе познания современной науки и фактически остаются за пределами ее осмысления и практического руководства в деятельности, что способствует недопустимому накоплению погрешностей в результатах и возникновению кризисов как следствия» (http://lib.icr.su/node/1146). «Наступило время осмыслить религию с позиции современных достижений, несмотря на то, что современный уровень науки является лишь каплей в океане знаний Высшего Разума. Та же религия подсказывает путь для такого исследования – логически-интуитивный подход, который пока еще трудно воспринимается учеными-экспериментаторами, но уже имеет место в современной науке (теория относительности Эйнштейна, теория физического ваакума Шипова и др)» (Э. Мулдашев. Что сказали тибетские ламы. М. 2003).

Радио-теле берүүлөрдө жөн эле далилсиз кыргыз сөзүнүн улуулугунун мактай беришет. Чындыгында анын улуулугу акылмандуулукта,б.а. чыныгы системалуу илимий билимдерди, камтыганында. Акылмандуулук системалуу билим менен гана байланышкан. Бул болсо айтылбайт, себеби, азыркы билимдүү кыргыз аны билбейт. Системалуу эмес билим алгандыктан билбейт. Ал эми баардык илимий чындыкты билген – бул Жараткан гана! Себеби, болгон Жараткан гана объективдүү чөйрөдөгү билимдин ээси («Чистосердечное признание» телеберүү, 23.05.2010). Ушундай объективдүү билимге адекватту келген алгачкы субъективдүү тааным кыргыздын Теңирчилиги.

Илимий маанидеги Адам-атага, Обо-энеге берилген ысымдардан тышкары көпчүлүк кыргыз сөзүндө, чындыгында эле, илимий чындыктар камтылган, б.а. ал сөздөр жаратылганда илимий чындыкты билген жаран менен аталган гана сөздөр деймин. Мисалы,. «Жараткан жаранды, жаратылышты жарып жаратат» дегендик. Баардыгында «жар» деген уңгу. Себеби, алардын өнүгүүсүнө жарылуу процесси мүнөздүү азыркы илимий жетишкендиктер боюнча. Ушул сүйлөмдү дагы, «адам» араб (же башка тилдин) сөзү дегендер араб (же башка) тилине которуп эки сүйлөмдү салыштыргылачы. Ошондо буларга тийиштүү араб (же башка тилдердеги) сөздөрүндө «жар» дай уңгу табылат бекен? Дагы кыргыз тилинде «адам» термини менен байланышкан бир топ туунду сөздөр колдонулат. Башка тилдерде алар «адам» термини менен байланыштырылып берилеби? Жок да. Андай болсо, жыйынтыктап келип, «адам» термини кыргыз тилиники жана «Ева» термини «Обо» терминден жаралган гана дейбиз! Теле-радиодон «Сөздүн төркүнү» аттуу берүүлөрдү уюштуруп, жаштарды акылмандуулукка багыттоочу системалуу илим-билимдикти камтыган нукура кыргыз сөздөрдүн маани-маңызын чечмелеп берип, колдонууга үйрөтүш керек.

Системалуу таанымга ээ болгон кыргызда гана бир жаранга “киши” жана “адам” деген терминдер колдонулат. Себеби, кыргызча жаран жаралганда киши болуп эле жаралат, анын жаралышынын максаты адам болуу. Кыргыздын “адам бол” делгени ошол «Адам-атаныкындай дүйнөтаанымга кел» дегендик.

Ошондуктан, «Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымдагы адам болуп жашоо, тиричиликтенүү» мурдагы системалуу билимдеги кыргыздын идеологиясы болуп келген. Адам болуп жашоо – бул Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымына келүүжана кыргыз санжырасында айтылгандай (К. Жетимишбаев, Р. Масыракунов. Санжыра санаты, Бишкек, 94):

1. никени бузбай;      

2. аманатка кыянат жасабай;          

3. антты бузбай;      

4. бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпай;

5 системалуу тааным менен шартка жараша такталган салтты (сыйды) бузбай;

6. напсисин (б.а. шайтанын) агытып, ыпласка барбай;

7. өзгө, жатка калыс болуп;        

8. арамдыктан алыс болуу

менен гана ушундай ыйман жолунда киши адамгерчиликтүү болуп, адам атка конуп, адамгерчилик менен гана ойгонуп, аны менен бирге боло турган акылмандуулугун жандандып аны күнүмдүк тиричилигинде колдонуу, кыскача, илимий терминде, «системалуу мамиледе» тиричиликтенүү дегендик. Ушундай системалуу мамилелер кыргыздын адат-салттуу традициясында камтылганжана тилинде кош сөздөр сыяктуу болуп берилген. Мындай акылмандуулуктар кыргыздын Санжыра санаттары болуп айтылып, жашоодо адамгерчиликтүү тиричиликте ишке ашырууга аракеттелген. Кыргыз таанымы боюнча акылмандуулук кишиге эмес адамга гана тийиштүү мүнөздөмө.

Киши болуп жаралган жаранга акылмандуулук башынан берилген эмес. Ошондуктан,кайталайм, санжыра санаты боюнча, адам (тагыраак киши, азыркы колдонуудай эмес) артык болсун деп, акыл менен тил берип, дагы амал, өнөр, дилге ээ кылып анын адил жүрөрүнөн күмөн санаган Жараткан. Берилбешинин себеби, киши-жарандын өзүнүн өмүрүндө акылмандуулукка жетиши анын Бар дүйнөдөжаралышынын максат-милдети болгон! Кайталаймын, акылмандуулукка келиш үчүн системалуу билимге келиш керек.   Кыргыздын “адам бол” делгени “Адам-атаныкындайдүйнөтаанымды таануу менен акылмандуулукка келүү, системалуу билимдикке келүү” дегендик.

Ошентип, Адам-атага берилген ысымдын маңызы бул Бар дүйнөдө жаралган анын тукумдарынын чыныгы максат-милдети – “адам болуу” - менен байланыщкан кыргыз үчүн. Мындай маңызда илимий чындык бар.

Бар дүйнөдө ар нерсе теңдештиктерден турат. Ар бир нерсе өзүнүн ченемине (б.а. теңдештиктердин ченемине) чейин эле жакшы болот, анда ашса ал жамандыгына айланат. Ушул себептен тиричиликте күнүмдүк, өзүмчүлдүк кызыкчылыктар өзүнүнүн ченемине чейин эле болушу тийиш, азыркыдай болбой. Ошондуктан, кыргыз системалуу дүйнөтаанымы кишиге, ар бир нерседе теңдикти табуу менен системалуу мамиледе тиричиликтенүүгө мажбурлайт. Себеби, тиричиликте кишинин ар бир нерседеги теңдикти таба билүүсү акылмандуулуктун белгиси, адамдыктын белгиси делген. Теңирчилик ошондой теңдештиктер жөнүндөгү тааным.

Кишинин жоруктары жана адам болуу жөнүндө Манас эпосунун окуяларында кеңири айтылган. Ошону менен ал бизге маанилүү. Бирок, дастандан алынган осуяттарды идеология катары колдонолу деген аракеттер кабыл алынбай жатат. Себеби, идеялардын системасы болгон идеология система болгондуктан кыскача нуска бир бүтүмдөй болуп айтылышы керек эле. Антилген эмес. Себеби анын автору системалуу билимдикте эмес болгондуктан системалуу бүтүм чыгара алган эмес. Азыркы кыргыз системалуу эмес билимдикте болгондуктан кыскача бир бүтүмдөй болуп идеология азыр айтылса дагы ага маани берилбей, кабыл алынбай жатат.

Жогоруда аталган кыргыз идеологиясы азыркы илимий терминдер менен “системалуу дүйнөтаанымындагы баардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо” – деп айтылмак.«Актуальнейшей задачей становится разработка «Стратегии Человека (кыргызча адам болуу стратегиясы)», согласованной со «Стратегией Природы»» деп какшап өттү орус академиги Н.Н. Моисеев. Мындай стратегия – ал такталган кыргыз Теңирчилик стратегиясы! Ошондуктан, кыргыз идеологиясы баардык элдерге (адамзатка) жалпы туура өнүгүүидеологиясы боло алат!

Азыркы информатика илиминде кабар (информация) өзүнөн өзү жаралбайт, сөзсүз аны жаратуучу бар болот деген көз караш бар.Объективдүү билимден гана накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге да айланат. Муну илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы билимдер төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээри кыргыздындүйнөтаанымынын белгисинде - Теңирчиликтин белгисинде - да сүрөттөлгөн.

Теңирчиликтин белгиси

alt

Теңирчиликтин белгисинде: 1 - төбөсү ачык Көк асман. 2 - Көктөн (объективдүү аң-сезимден) адамга түшкөн кут (кубат-билим). Кыргыздын экинчи тилинде - оюм-чийим тилинде - адам ромб түрүндө (3-5) сүрөттөлөт. Түшкөн кут адамда эки карама-каршы түшүнүктөргө (аракеттерге) (3) ажыратылат. Ошондо алар кишиде эмес адамда гана (3) тең болушу мүмкүн. Ошондуктан сүрөттө бирдей узундукта берилет. Адам Жердеги (7) тиричилигинде мындай теңдештиктерди (5) бирдей кылып (6) алып жүрүшү да абзел! Бул да Теңирчиликтин негизги мыйзамы! Ошондо гана Жерде акылмандуулук менен байланышкан адамгерчиликтүү, келечектүү тиричилик болот, болбосо – кишичиликтүү тиричилик болуп жасалма Акыр заманы келет.

Кыргыз таанымы боюнча, эки карама-каршылыктардын теңдиги гана Бар дүйнөнүн гармониясын жаратат! Бул эреже азыркы экономикалык өнүгүүдө да сакталышы керек эле. Бирок Теңирчиликтин ээси болгон азыркы кыргыз аны жээригиндиктен муну эске албай, адашкандарды ээрчип карама-каршылыктын биринен (социализмден) экинчисине (капитализмге) секирип кетпедиби. Себеби, азыркы заманадагы жашаган азыркы кыргызда кишичилик алдым-жуттум акылдуулуктун көптүгү болуп, бирок акылмандуулуктун жоктугу болгондуктан ал теңдиктин тийиштүү ченемин таба албады. Азыр биз системалуу эмес билимдеги адистиктин тиричилигинин, кыргызча тактап айтканда, кишичиликтүү тиричиликтин (адамгерчиликтүү эмес тиричиликтин) кесепетинен Акыр заманда жашоодобуз Калыгул-ата айткандай. Теңкапталдуу болгон ромб менен сүрөттөлгөн - «адам» кыргыз оюмунун – сыры ушундай. Белгиде адамдын мындай тиричилигинин өмүрү Асмандан чектелип берилээри да айтылган (4).

Убагында Теңирчилик адамдай боло тургандар үчүн, адегенде, ал эми калган диндер (таанымдар) кишилербузулган адамдар - үчүн кийин берилгендигин, болгондугун баардыгы билишпейт. Ошондуктан көп пайгамбарлардын берилиши менен кээ бирөөлөрдүн мактанышы акмактык экендигин түшүнүшпөйт. Ал эми кыргыз болсо ага бир эле пайгамбар – Адам-ата - берилгени менен жана анын илим-билимин Санжыра санаттары, ата-баба мурастары кылып илгертен бери сактап келгендиги, салтында колдонуп келгендиги менен ал сыймыктана алат.

Демек, «адам» сөзүнүн мааниси кыргыз үчүн карама-каршылыктардын теңдигин (аларды ажыраткан ченемди) таап тиричиликтенүү маңызы менен – адамгерчиликтүү тиричиликтенүү маңызы менен байланышкан. Ошентип, Адам-атанын ысымы кыргыз гана тилинде терең илимий чындыктарга байланыштырып түшүндүрүлөт.

Ошентип, эгерде кыргыз бийликтегилери өзүнүн системалуу дүйнөтаанымы Теңирчилигине келип аны жетекчиликке алса, тиричиликтесистемалуу билимдиктеги системалуу мамиле болсо,б.а.теңдикти камсыздоочу акылмандуулук үстөмдүк болуп, экономикада социалистик (жалпычылык) менен капиталистик (жекечилик) кызыкчылар (ыкмалар) тең салымдуулукта эки карама-каршылыктардын теңдигин, гармониясын камсыздаса адилеттүүлүк орномок. Ал эми адилеттүүлүк болсо ынтымакты, ынтымак ырыстарды тиричиликте жаратмак. Ошентип, оңолуунун башы, адегенде туура дүйнөтаанымгатийиштүү акылман жетекчиликке келүүменен жаңы идеологияны кабыл алуу жана акылмандуулукка багытточу билим-тарбия берүүжаңы, системалуу системасын калыптандыруу. Ошондуктан алар учурдун зарылдуу маселелери.

Адабияттар:

1. Жорупбеков С. Кыргыз дүйнөтаанымынын системалуулугу. Современность: философские и правовые проблемы. Материалы II-ой республиканской научно-теоретической конференции. Бишкек, 1998г.

2.Жорупбеков С. О необходимости новой парадигмы – парадигмы системного миропонимания. “Экологическая безопасность в Кыргызстане”. Международная научно-практическая конференция 50-летию КГПУ им. И.Арабаева. Бишкек, 2001г.

3.Жорупбеков С.   Кыргыз ким?   Бишкек, изд. «Турар», 2001ж

4.Жорупбеков С. Информация, информатика и информационно-системная картина мира. Вестник Кыргызского национального университета им. Жусупа Баласагына. Труды Центра информационных систем и технологий в управлении, серия 6, выпуск 5, 2005г.

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код